КРнын РФдагы Элчилигинин Пресс-релизи 2017-жылдын 9-ноябры

2017-жылдын 6-ноябрынын түнүндө “Москва-Бутырская Товарная” аталган Москвадагы темир жолдун тиричилик жайында – кампасында чыккан өрттө алты адам каза болгону такталган.
Москва аймактар аралык тергөө комитетинин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө каза болгон беш жарандын инсандыгы такталды. Булардын арасында КРнын жарандары жок. Ал эми алтынчы жарандын сөөгү боюнча экспертизалык иликтөөлөр аягына чыга элек, уланууда.
Маселе Элчиликтин көзөмөлүндө.