2017-жылдын 6-ноябрынан 10-ноябрына чейинки мезгилдеги Консулдук бөлүмдүн ишмердүүлүгү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Консулдук бөлүмдүн ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтын жарандар үчүн ачыктыгын камсыздоо максатында ар жумалык ишмердүүлүк тууралуу маалымат берүүнү улантууда.
2017-жылдын 6-ноябрынан 10-ноябрына чейинки мезгилде Консулдук бөлүм тарабынан төмөндөгүдөй иштер аткарылды:
Жалпысынан 198 консулдук кызмат көрсөтүлдү, алардын ичинен:
Төмөндөгүлөр боюнча документтер жасалды:
– КРна кайтууга күбөлүк – 88, булардын ичинен 27 жаран чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу жайда (ЦВСИГ) жаткан КРнын жарандары-күбөлүк алып мекенине кайтууга мүмкүнчүлүк алышты;
– КРнын жарандыгын тактоочу, туулгандыгы тууралуу күбөлүккө справка берүү –42;
– балдарынын КРнын жарандыгын тандоосуна ата-энесинин макулдугу–4;
– виза документтери –0.
Төмөндөгүдөй арыздар кабыл алынды:
– паспорт алууга – 36;
– КРнын жарандыгына таандык экендигин аныктоого – 3;
– КРнын жарандыгынан чыгууга –4;
– документтерин мыйзамдаштыруу –0;
Туруктуу консулдук каттоого коюлгандар – 17;
Нотариалдык иш-аракеттер – 2.
Консулдук тейлөө кызматын алуу боюнча документтерди тариздөө багытында оозеки кеңештер берилди –75.
Укук коргоо ишмердүүлүк боюнча (укуктук кеңештерди берүү):
– кылмыш иштери, административдик жактан аймактан чыгаруу, РФнын аймагына кирүүгө чектөөнү алып салуу, айлык акысын төлөтүү маселелери боюнча12 жазуу түрүндөгү арыз кабыл алынды;
– консулдук бөлүмдүн юристтеринин жеке кабыл алуусунда укуктук маселелер боюнча 40 жаранга оозеки консультация берилди;
– сот, укук коргоо органдарына, өлүкканаларга, тергөө бөлүмдөрүнө чыгуу: Москва шаардык №4 убактылуу кармоочу жайына жана №5 убактылуу кармоочу жайына чыгуулар – 2;
– Жарандардын сөөгүн Жүк “200” КРна алып кетүү боюнча жардам –1.
Жалпы документтердин жүгүртүлүшү жана телефон аркылуу кеңеш берүү:
– КРнын жана РФнын тийиштүү органдарынан жана уюмдарынан келген кириш документтер–68;
– чыгыш документтердин саны – 35;
– жарандардын жеке кайрылуулары, алардын ичинде Элчиликтин интернет-кабыл алуусунда кеңеш алгандар – 21 жаран;
-Телефон аркылуу консультация алгандар – 255 жаран.
Жалпысынан 537 жаран кабыл алынды (келгендерди каттоо журналынан алынды)