КРнын РФдагы Элчилигинин Пресс-релизи 15-ноябрь, 2017-жыл

Мекендеш эки кызыбыздын жол кырсыкта каза болушу тууралуу төмөнкүлөрдү билдиребиз.

Мордовия Республикасынын Зубов-Полянск районундагы Урал трассасынын 452 чакырымында 2017-жылдын 14-ноябрында саат 23.40та болгон жол кырсыгынан улам КРнын жарандары 1994-жылы туулган М.А. жана 1999-жылы туулган М.А. каза болушкан. Жол кырсыкка кабылган унааны башкаруучу да КРнын жараны экендиги такталды.

Азыркы учурда жол кырсыгынын себептерин жана шарттарын аныктоо боюнча алдын ала тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Элчиликтин кызматкерлери каза болгон жарандардын туугандары менен байланышта, азыркы кезде сөөктү Кыргызстанга алып кетүү боюнча тийиштүү документацияларды даярдоо иштери жүрүүдө.