“Айтматовдун сабактары” аталган чыгармачылык кеченин өткөрүлүшү тууралуу

IMG_8003====IMG_8016===

IMG_8021===IMG_8026====IMG_8034====IMG_8141=====

2017-жылдын 20-ноябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги жаш режиссер, Кыргыз Республикасынын жараны С.Герасимов атындагы Бүткүл Россиялык мамлекеттик кинематографисттер институнунун 2017-жылдагы бүтүрүүчүсү Р.Садыковдун “Айтматовдун сабактары” аталган чыгармачылык кечесине катышты.

Р.Садыковдун дипломдук иши болуп саналган аталган кинотасма – дүйнөлүк адабиятта белгилүү инсан, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Ч.Айтматовдун өмүр баянына чыгармачылык жолуна арналган. Кинотасмада бир тууганы Р.Айтматованын, кесиптеши, белгилүү кинорежиссер Г.Базаровдун эскерүүлөрү камтылган.

 «Айтматовдун сабактары» тасмасы 2017-жылдын май айында Севастополь шаарында өткөн кинофестивалда “Мыкты дебют” аталыштагы байгени жеңип алган.

Р.Садыковдун чыгармачылык кечеси Москвадагы улуттар үйүндө Москва шаарынын Өкмөтүнүн жардамы менен жыл сайын улуу жазуучунун туулган күнү 12-декабрга карата Ч.Айтматовго арналган иш-чаралардын алкагында өткөрүлдү.

КРнын РФдагы Элчилиги тарабынан улуу жазуучунун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Дүйнөлүк адабиятка зор салымын кошкон белгилүү жазуучунун чыгармачылык жаңычылдыгын, бийик адабий кудуретин баса белгилеп, иш-чарада чыгып сүйлөгөндөрдүн арасында Москва Мамлекеттик лингвистикалык университеттин профессору, Ч.Айтматовду изилдөөчү Бондарев А.П., Москвадагы кыргыз диаспоррасынын коомдук жана маданий бирикмелеринин өкүлдөрү болушту.