Консулдук бөлүмдүн ишмердүүлүгү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Консулдук бөлүмдүн ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтын жарандар үчүн ачыктыгын камсыздоо максатында ар жумалык ишмердүүлүк тууралуу маалымат берүүнү улантууда

2017-жылдын 27-ноябрынан 1-декабрына чейинки мезгилде Консулдук бөлүм тарабынан төмөндөгүдөй иштер аткарылды:
Жалпысынан 213 консулдук кызмат көрсөтүлдү, алардын ичинен:
Төмөндөгүлөр боюнча документтер жасалды:
– КРна кайтууга күбөлүк –76, булардын ичинен 6 жаран чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу жайда (ЦВСИГ) жаткан КРнын жарандары-күбөлүк алып мекенине кайтууга мүмкүнчүлүк алышты;
– КРнын жарандыгын тактоочу, туулгандыгы тууралуу күбөлүккө справка берүү – 49;
– балдарынын КРнын жарандыгын тандоосуна ата-энесинин макулдугу–5;
– виза документтери –0.
Төмөндөгүдөй арыздар кабыл алынды:
– паспорт алууга – 42;
– КРнын жарандыгына таандык экендигин аныктоого – 7;
– КРнын жарандыгынан чыгууга – 4;
– документтерин мыйзамдаштыруу –0;
Туруктуу консулдук каттоого коюлгандар – 23;
убактылуу консулдук каттоого тургандар- 2;
документтерди мыйзамдаштыруу – 0;
Нотариалдык иш-аракеттер – 5.
Консулдук тейлөө кызматын алуу боюнча документтерди тариздөө багытында оозеки кеңештер берилди –68.
Укук коргоо ишмердүүлүк боюнча (укуктук кеңештерди берүү):
– кылмыш иштери, административдик жактан аймактан чыгаруу, РФнын аймагына кирүүгө чектөөнү алып салуу, айлык акысын төлөтүү маселелери боюнча 15 жазуу түрүндөгү арыз кабыл алынды;
– консулдук бөлүмдүн юристтеринин жеке кабыл алуусунда укуктук маселелер боюнча 89 жаранга оозеки консультация берилди;
– сот, укук коргоо органдарына, өлүкканаларга, тергөө бөлүмдөрүнө чыгуу: Москва шаардык Хамовники сотуна, жана Тверь шаарынын ИИБна, Москва шаарынын Рязань райондор аралык тергөө комитетине, Прага раонцнцн ИИБна чыгуулар – 7;
– Жарандардын сөөгүн Жүк “200” КРна алып кетүү боюнча жардам –2.
Жалпы документтердин жүгүртүлүшү жана телефон аркылуу кеңеш берүү:
– КРнын жана РФнын тийиштүү органдарынан жана уюмдарынан келген кириш документтер–91;
– чыгыш документтердин саны – 44;
– жарандардын жеке кайрылуулары, алардын ичинде Элчиликтин интернет-кабыл алуусунда кеңеш алгандар –24 жаран;
-Телефон аркылуу консультация алгандар – 268 жаран.
Жалпысынан 972 жаран кабыл алынды (келгендерди каттоо журналынан алынды)