2017-жылдын 4-декабрынан 8-декабрына чейинки мезгилде Консулдук бөлүмдүн ишмердүүлүгү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Консулдук бөлүмдүн ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтын жарандар үчүн ачыктыгын камсыздоо максатында ар жумалык ишмердүүлүк тууралуу маалымат берүүнү улантууда.

2017-жылдын 4-декабрынан 8-декабрына чейинки мезгилде Консулдук бөлүм тарабынан төмөндөгүдөй иштер аткарылды:

Жалпысынан 239 консулдук кызмат көрсөтүлдү, алардын ичинен:

Төмөндөгүлөр боюнча документтер жасалды:

– КРна кайтууга күбөлүк –104, булардын ичинен 19 жаран чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу жайда (ЦВСИГ) жаткан КРнын жарандары-күбөлүк алып мекенине кайтууга мүмкүнчүлүк алышты;

– КРнын жарандыгын тактоочу, туулгандыгы тууралуу күбөлүккө справка берүү – 54;

– балдарынын КРнын жарандыгын тандоосуна ата-энесинин макулдугу–7;

– виза документтери –1.

Төмөндөгүдөй арыздар кабыл алынды:

– паспорт алууга – 47;

– КРнын жарандыгына таандык экендигин аныктоого – 8;

– КРнын жарандыгынан чыгууга – 3;

– документтерин мыйзамдаштыруу –0;

Туруктуу консулдук каттоого коюлгандар – 20;

убактылуу консулдук каттоого тургандар1;

документтерди мыйзамдаштыруу – 1;

Нотариалдык иш-аракеттер – 0.

Консулдук тейлөө кызматын алуу боюнча документтерди тариздөө багытында оозеки кеңештер берилди –72.

Укук коргоо ишмердүүлүк боюнча (укуктук кеңештерди берүү):

– кылмыш иштери, административдик жактан аймактан чыгаруу, РФнын аймагына кирүүгө чектөөнү алып салуу, айлык акысын төлөтүү маселелери боюнча 5 жазуу түрүндөгү арыз кабыл алынды;

– консулдук бөлүмдүн юристтеринин жеке кабыл алуусунда укуктук маселелер боюнча 117жаранга оозеки консультация берилди;

– сот, укук коргоо органдарына, өлүкканаларга, тергөө бөлүмдөрүнө чыгуу: “Домодедово” аэропортуна, Сахарово айылындагы убактылуу кармоочу жайга, Новогиевск районунун өлүкканасына чыгуулар – 6;

– Жарандардын сөөгүн Жүк “200” КРна алып кетүү боюнча жардам –5.

Жалпы документтердин жүгүртүлүшү жана телефон аркылуу кеңеш берүү:

– КРнын жана РФнын тийиштүү органдарынан жана уюмдарынан келген кириш документтер73;

– чыгыш документтердин саны – 52;

– жарандардын жеке кайрылуулары, алардын ичинде Элчиликтин интернет-кабыл алуусунда кеңеш алгандар –24 жаран;

-Телефон аркылуу консультация алгандар – 211 жаран.

Жалпысынан 866 жаран кабыл алынды (келгендерди каттоо журналынан алынды)