Россия Федерациясынын аймагындагы кыргызстандыктарга арналган Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.И.Отунбаевдин Жаңы жылдык куттуктоосу

Россия Федерациясынын аймагындагы кыргызстандыктарга арналган Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.И.Отунбаевдин Жаңы жылдык куттуктоосу

 Урматтуу мекендештер, урматуу жердештер,

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин жалпы жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди жана Сиздердин бир тууган жакындарыңыздарды жадырап кирип келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм.

Жаңы жыл – келечектеги максат-тилектердин аткарылышына, саамалыктарыбыздагы ийгиликтердин болушуна терең ишеним арттырган өзгөчө майрам.  Ар бир үй-бүлөгө бакубаттуулук, ынтымак-ырыскы, жаркын маанай тартуулайт.

Жаңы 2018-жылы Сиздерге жана Сиздердин үй-бүлөңүздөргө тынчтык, ынтымактуулук, ырыскы-береке, жакшылык жана кубаныч, ошондой эмгек ишмердүүлүгүңүздөрдө албан-албан ийгиликтердин болушун каалайм.

Ар бириңиздердин бир тууган, жакындарыңыздар бекем ден соолукта болуп, балдар жылуулукка, мээримдүүлүккө бөлөнүп, максатттарыңыздар ылайым ишке ашсын, ал эми сүйүү жана өз ара сый-урмат ар бир күнүмдүк иштериңиздерге негиз болсун.

Жаңы жылыңыздар менен, урматтуу мекендештер.