Жаңы жылды майрамдоого байланыштуу дем алыш күндөр тууралуу

ffc60810ac8d6da81339d1db1e98545d_M

Урматтуу мекендештер, Россия Федерациясынын аймагындагы кыргызстандыктар,

Дем алыш жана жумушчу эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин  113-беренесине жана КРнын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-декабрындагы №829 токтомуна ылайык 2017-жылдын 30-декабрындагы жана 2018-жылдын 8-январындагы дем алыш күндөрү тиешелүү түрдо 2018-жылдын 2-январындагы жана 3-январындагы иш күндөрүнө которулат, демек, 1, 2, 3-январындагы иш күндөрү дем алуу күндөрү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги кадимки жумуш тартибинде ишти 2018-жылдын 4-январынан иштейт.