2017-жылдын 25-декабрынан 30-декабрына чейинки мезгилде Консулдук бөлүмдүн ишмердүүлүгү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Консулдук бөлүмдүн ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтын жарандар үчүн ачыктыгын камсыздоо максатында ар жумалык ишмердүүлүк тууралуу маалымат берүүнү улантууда.

2017-жылдын 25-декабрынан 30-декабрына чейинки мезгилде Консулдук бөлүм тарабынан төмөндөгүдөй иштер аткарылды:

Жалпысынан 233 консулдук кызмат көрсөтүлдү, алардын ичинен:

Төмөндөгүлөр боюнча документтер жасалды:

– КРна кайтууга күбөлүк – 105, булардын ичинен 3 жаран чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу жайда (ЦВСИГ) жаткан КРнын жарандары күбөлүк алып мекенине кайтууга мүмкүнчүлүк алышты;

– КРнын жарандыгын тактоочу, туулгандыгы тууралуу күбөлүккө справка берүү – 46;

– балдарынын КРнын жарандыгын тандоосуна ата-энесинин макулдугу–6;

– виза документтери –1.

Төмөндөгүдөй арыздар кабыл алынды:

– паспорт алууга – 44;

– КРнын жарандыгына таандык экендигин аныктоого – 4;

– КРнын жарандыгынан чыгууга – 1;

– документтерин мыйзамдаштыруу –1;

Туруктуу консулдук каттоого коюлгандар – 9;

убактылуу консулдук каттоого тургандар– 0;

документтерди мыйзамдаштыруу – 4;

Нотариалдык иш-аракеттер – 3.

Укук коргоо ишмердүүлүк боюнча (укуктук кеңештерди берүү):

– кылмыш иштери, административдик жактан аймактан чыгаруу, РФнын аймагына кирүүгө чектөөнү алып салуу, айлык акысын төлөтүү маселелери боюнча 7 жазуу түрүндөгү арыз кабыл алынды;

– консулдук бөлүмдүн кызматкерлеринин, юристтеринин жеке кабыл алуусунда укуктук маселелер боюнча 150 жаранга оозеки консультация берилди;

– сот, укук коргоо органдарына, өлүкканаларга, тергөө бөлүмдөрүнө чыгуу: Москва шаарынын Хорошев райондук сотуна, Москва шаардык сотуна, Россиянын Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча Тергөө башкармалыгына, Сахарово айылындагы убактылуу кармоочу жайга, Москва шаарынын Марьино району боюнча ИИБна, РФнын ТИМне, Чехиянын РФдагы Элчилигине 8;

– Жарандардын сөөгүн Жүк “200” КРна алып кетүү боюнча жардам –2.

Жалпы документтердин жүгүртүлүшү жана телефон аркылуу кеңеш берүү:

– КРнын жана РФнын тийиштүү органдарынан жана уюмдарынан келген кириш документтер 47;

– чыгыш документтердин саны – 24;

– жарандардын жеке кайрылуулары, алардын ичинде Элчиликтин интернет-кабыл алуусунда кеңеш алгандар –21 жаран;

-Телефон аркылуу консультация алгандар – 280 жаран.

Жалпысынан 744 жаран кабыл алынды (келгендерди каттоо журналынан алынды)