КРнын РФдагы Элчилигинин пресс-релизи 04.01.2018

2018-жылдын 3-январында Ханты-Мансийск автономиялуу округундагы чон жолдо эки автоунаанын кагылышынан ири жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен 10 адам каза болгон. РФнын ӨКМнин Ханты-Мансийск автономиялуу округу боюнча Башкы башкармалыгынын билдирүүсү боюнча аталган жол кырсыкта жабыр тарткандардын жана каза болгондордун арасында КРнын жарандары жок.