2018-жылдын 4 жана 5-январында Консулдук бөлүмдүн ишмердүүлүгү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Консулдук бөлүмдүн ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтын жарандар үчүн ачыктыгын камсыздоо максатында ар жумалык ишмердүүлүк тууралуу маалымат берүүнү улантууда.

2018-жылдын 4 жана 5-январында Консулдук бөлүм тарабынан төмөндөгүдөй иштер аткарылды:

Жалпысынан 62 консулдук кызмат көрсөтүлдү, алардын ичинен:

Төмөндөгүлөр боюнча документтер жасалды:

– КРна кайтууга күбөлүк – 29;

– КРнын жарандыгын тактоочу, туулгандыгы тууралуу күбөлүккө справка берүү – 13;

– балдарынын КРнын жарандыгын тандоосуна ата-энесинин макулдугу–3;

– виза документтери –0.

Төмөндөгүдөй арыздар кабыл алынды:

– паспорт алууга – 7;

– КРнын жарандыгына таандык экендигин аныктоого – 0;

– КРнын жарандыгынан чыгууга – 1;

– документтерин мыйзамдаштыруу –1;

Туруктуу консулдук каттоого коюлгандар – 7;

убактылуу консулдук каттоого тургандар– 2;

документтерди мыйзамдаштыруу – 0;

Нотариалдык иш-аракеттер – 0.

Укук коргоо ишмердүүлүк боюнча (укуктук кеңештерди берүү):

– кылмыш иштери, административдик жактан аймактан чыгаруу, РФнын аймагына кирүүгө чектөөнү алып салуу, айлык акысын төлөтүү маселелери боюнча 6 жазуу түрүндөгү арыз кабыл алынды;

– консулдук бөлүмдүн кызматкерлеринин, юристтеринин жеке кабыл алуусунда укуктук маселелер боюнча 28 жаранга оозеки консультация берилди;

– сот, укук коргоо органдарына, өлүкканаларга, тергөө бөлүмдөрүнө чыгуу: «Шереметьево» аэропортунун чек ара көзөмөл болүмүнө, Люберцы шаары, С.С. Юдин атындагы шаардык клиникалык ооруканага, “Эдемес” ЖЧКга – 4;

– Жарандардын сөөгүн Жүк “200” КРна алып кетүү боюнча жардам –1.

Жалпы документтердин жүгүртүлүшү жана телефон аркылуу кеңеш берүү:

– КРнын жана РФнын тийиштүү органдарынан жана уюмдарынан келген кириш документтер 6;

– чыгыш документтердин саны – 2;

– жарандардын жеке кайрылуулары, алардын ичинде Элчиликтин интернет-кабыл алуусунда кеңеш алгандар –8 жаран;

-Телефон аркылуу консультация алгандар – 15 жаран.

Жалпысынан 172 жаран кабыл алынды (келгендерди каттоо журналынан алынды)

Жаңы жыл майрамдарына байланыштуу эс алуу күндөрүндө жарандарга оперативдүү түрдө жардам берүү максатында Элчиликте консулдар кезеги менен элди кабыл алууну ишке ашырышты.