КРнын РФдагы Элчилигинин Пресс-релизи 9-январь, 2018 –ж.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Москва облусунун Жуковский шаарында КРнын жарандарынын сөөгүнүн табылышы  боюнча төмөндөгүлөрдү маалымдайт.

2018-жылдын 8-январында КРнын РФдагы Элчилигинин жана КРнын ИИМнин Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Москва шаарынын ИИМнин Москва шаарындагы Люблино жана Москва облусундагы Жуковский шаарлары боюнча  ИИБнын кызматкерлери менен биргеликте оперативдүү иликтөөнүн натыйжасында төмөндөгүлөр аныкталган.

2017-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылында 1980 –жылдын 11-январында туулган Ж.И.Т жана 1981- жылдын 9-октябрында туулган М.М.М. Москва шаарында өздөрү жашаган батирден чыгып кеткен бойдон кайра үйүнө кайтып келишкен эмес. Бул боюнча маркумдардын жакындары 2017- жылдын 30-декабрында Москва шаарынын полициясына арыз менен кайрылышкан.

2017-жылдын 30-декабрында Москва облусунун Жуковский шаарында Наркомвод көчөсүндө Москва дарыясынын жээгинде балыкчылар тарабынан М.М.Мдин киши колдуу болуп өлтүрүлгөн денеси табылган. Андан сон 7-январь күнү ошол эле жерден экинчи дайынсыз жоголгон Ж.И.Т.дин киши колдуу болуп өлтүрүлгөн денеси табылган. Бул фактылар боюнча Москва облусунун Тергөө  Комитети тарабынан РФ КЖКнын 105 беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иштери козголгон. Азыркы күндө полиция кызматкерлери менен бирдикте КРнын ИИМнин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү жана КРнын РФдагы Элчилигинин жана кылмыштын бетин ачуу боюнча иштерди алып барууда.

Каза болгондордун сөөктөрүн мекенине жөнөтүү боюнча Элчилик  тийиштүү документтерди даярдоо, керектүү консультацияларды берүү менен маркумдардын туугандарына юридикалык жардамдарды көрсөттү. 2018-жылдын 9-январында Кыргызстанга жөнөтүлдү.

Маселе КРнын РФдагы Элчилигинин жана КРнын ИИМнин Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнүн козөмөлүндө.