КРнын РФдагы Элчилигинин Пресс-релизи 12.01.2018

Москвада Кыргызстанда туулган жаран мекндештерин унаа менен коюп кетти деген маалыматтын ЖМКда жарыялангандыгы боюнча Элчилик төмөндөгүлөрдү билдирет.
Үстүбүздөгү жылдын 11 – январында түнкү саат 02.20ларда Москва шаарынын Бутырская көчөсүндө жол кырсыгы болуп, КИА-РИА автоунаа жөө адамдарды койдуруп кеткен. Унааны башкарган 1992-жылдын 3-октябрында туулган КРнын жараны Б.у.А. болгон.
Жол кырсыгынан КРнын жараны Рахманов Б.М. жаракат алып, Н.В. Склифосовский атындагы тез жардам ооруканасына жеткирилген.
Ошондой эле жол кырсыкта оор жаракат алган КРнын жараны 1978-жылдын 1-февралында туулган О.С. кырсык болгон жерде каза болгон, сөөгү Москва шаарынын травмотология жана ортопедия институтунун өлүкканасына жеткирилген.
Азыркы кезде каза болгон жарандын туугандарын иликтөө иштери жүрүүдө.
Ал эми жол кырсыгы боюнча Россиянын ИИМнин Москва шаары боюнча ТБнын ТКи тергөө иштерине чейинки текшерүүнү жүргүзүүдө.
Маселе Элчиликтин көзөмөлүндө.