2018-жылдын 8-январынан баштап 12-январына чейинки мезгилде Консулдук бөлүмдүн ишмердүүлүгү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Консулдук бөлүмдүн ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтын жарандар үчүн ачыктыгын камсыздоо максатында ар жумалык ишмердүүлүк тууралуу маалымат берүүнү улантууда.

2018-жылдын 8-январынан баштап 12-январына чейинки мезгилде Консулдук бөлүм тарабынан төмөндөгүдөй иштер аткарылды:

Жалпысынан 67 консулдук кызмат көрсөтүлдү, алардын ичинен:

Төмөндөгүлөр боюнча документтер жасалды:

– КРна кайтууга күбөлүк – 29, булардын ичинен 5 мекенине кайтуу үчүн күбөлүк чет өлкөлүк жарандарды атайын кабыл алуучу мекемелерде жаткан жарандарга берилди;

– КРнын жарандыгын тактоочу, туулгандыгы тууралуу күбөлүккө справка берүү – 15;

– балдарынын КРнын жарандыгын тандоосуна ата-энесинин макулдугу–8;

Төмөндөгүдөй арыздар кабыл алынды:

– паспорт алууга – 25;

Туруктуу консулдук каттоого коюлгандар – 18;

убактылуу консулдук каттоого тургандар30;

Укук коргоо ишмердүүлүк боюнча (укуктук кеңештерди берүү):

– кылмыш иштери, административдик жактан аймактан чыгаруу, РФнын аймагына кирүүгө чектөөнү алып салуу, айлык акысын төлөтүү маселелери боюнча 18 жазуу түрүндөгү арыз кабыл алынды;

– консулдук бөлүмдүн кызматкерлеринин, юристтеринин жеке кабыл алуусунда укуктук маселелер боюнча 237 жаранга оозеки консультация берилди;

– сот, укук коргоо органдарына, өлүкканаларга, тергөө бөлүмдөрүнө чыгуу: Хорошев райондук сотуна, Москва шаардык сотуна, Москва шаарынын Чертанов райондук сотуна, О.Филатов атындагы Москва шаардык клиникалык ооруканага (ШКО), Люберцы жана Жуковский шаарлары боюнча ИИБнын ТКне, Склифосовский атындагы ШКО, Москва шаарынын Головин райондук сотуна, Москва шаарынын Басманный райондук сотуна – 10;– Жарандардын сөөгүн Жүк “200” КРна алып кетүү боюнча жардам –6.

Жалпы документтердин жүгүртүлүшү жана телефон аркылуу кеңеш берүү:

– КРнын жана РФнын тийиштүү органдарынан жана уюмдарынан келген кириш документтер 72;

– чыгыш документтердин саны – 30;

– жарандардын жеке кайрылуулары, алардын ичинде Элчиликтин интернет-кабыл алуусунда кеңеш алгандар –30 жаран;

-Телефон аркылуу консультация алгандар – 140 жаран.

Жалпысынан 816 жаран кабыл алынды (келгендерди каттоо журналынан алынды)