2018-жылдын 15-январынан 19-январына чейинки мезгилдеги Консулдук бөлүмдүн ишмердүүлүгү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Консулдук бөлүмдүн ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтын жарандар үчүн ачыктыгын камсыздоо максатында ар жумалык ишмердүүлүк тууралуу маалымат берүүнү улантууда.

2018-жылдын 15-январынан  19-январына чейинки мезгилде Консулдук бөлүм тарабынан төмөндөгүдөй иштер аткарылды: 

Жалпысынан 308 консулдук кызмат көрсөтүлдү, алардын ичинен:

Төмөндөгүлөр боюнча документтер жасалды:

– КРна кайтууга күбөлүк – 83;

– КРнын жарандыгын тактоочу, туулгандыгы тууралуу күбөлүккө справка берүү – 92;

– балдарынын КРнын жарандыгын тандоосуна ата-энесинин макулдугу–7;

– виза документтери –0.

Төмөндөгүдөй арыздар кабыл алынды:

– паспорт алууга – 53;

– КРнын жарандыгына таандык экендигин аныктоого – 4;

– КРнын жарандыгынан чыгууга – 2;

– документтерин мыйзамдаштыруу –1;

Туруктуу консулдук каттоого коюлгандар – 14;

убактылуу консулдук каттоого тургандар– 53;

Укук коргоо ишмердүүлүк боюнча (укуктук кеңештерди берүү):

– кылмыш иштери, административдик жактан аймактан чыгаруу, РФнын аймагына кирүүгө чектөөнү алып салуу, айлык акысын төлөтүү маселелери боюнча 13 жазуу түрүндөгү арыз кабыл алынды;

– консулдук бөлүмдүн кызматкерлеринин, юристтеринин жеке кабыл алуусунда укуктук маселелер боюнча 397 жаранга оозеки консультация берилди;

– сот, укук коргоо органдарына, өлүкканаларга, тергөө бөлүмдөрүнө чыгуу: Склифософский атындагы Тез жардам ооруканасына, Москва шаардык сотуна, Москва шаарынын түштүк автономиялуу округунун Жол эрежелери боюнча башкармалыгына, Москва шаары боюнча РФнын Тергөө комитетинин Нагатинск району боюнча ТКне, №4-убактылуу кармоочу жайга, Москва шаарынын Головин району боюнча ИИМБна – 8;

– Жарандардын сөөгүн Жүк “200” КРна алып кетүү боюнча жардам – 2.

Жалпы документтердин жүгүртүлүшү жана телефон аркылуу кеңеш берүү:

– КРнын жана РФнын тийиштүү органдарынан жана уюмдарынан келген кириш документтер 64;

– чыгыш документтердин саны – 19;

– жарандардын жеке кайрылуулары, алардын ичинде Элчиликтин интернет-кабыл алуусунда кеңеш алгандар – 29 жаран;

-Телефон аркылуу консультация алгандар – 135 жаран.

Жалпысынан 792 жаран кабыл алынды (келгендерди каттоо журналынан алынды)