Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Отунбаевдин Россиянын муфтийлер кеңешинин жана Россиянын мусулмандар Дин башкармалыгынын төрагасынын орун басары Рушан хазрат Аббясов менен жолугушуусу жөнүндө

IMG-20180131-WA0007=====

2018-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Б.Отунбаев Россиянын Муфтийлер кеңешинин жана Россиянын мусулмандар Дин башкармалыгынын төрагасынын орун басары Рушан хазрат Аббясов менен жолугушту.

Жолугушуунун негизи катары үстүбүздөгү жылдын апрель айында Бишкек шаарында өтүүчү “III Эл аралык илимий-диний конференциянын” алкагында Муфтий шейх Равиль Гайнутдин мырзанынын Кыргызстанга боло турган сапарын жана КРнын баш калаасында борбордук мечитти расмий ачуу аземине катышуусун даярдоо жана өткөрүү маселеси болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Рушан хазрат Россиянын муфтийлер кеңеши тарабынан ишке ашырылып жаткан “Руханий Жибек жолу” аталган долбоору тууралуу маалымат берди. Аталган долбоордун негизги максаттарынын бири мусулмандар арасында, айрыкча жаштар арасында диний экстремизм идеяларын таркатуунун алдын алуу, жоюу болуп саналат.