Пресс-релиз 2018-жылдын 8-февралы

2018-жылдын 7-февралында КРнын РФдагы Элчилигинин ыкчам байланыш телефону аркылуу Москва шаарынын укук коргоо органдары тарабынан Кыргызстандын 44 жаранынын кармалышы боюнча маалымат келип түшкөн.

Мындан улам Элчиликтин кызматкерлери Москва шаарынын Текстильщик районундагы ИИБна барган. Анда чет элдик жарандардын документтерин тактоо боюнча пландык текшерүү жүрүп жатканы белгилүү болгон.

“Жашаган жериндеги каттоосу боюнча документтери текшерилгенден кийин 35 кыргызстандык коё берилди. Калган тогузу миграциялык мыйзамдарды бузганы аныкталып, материалдар сотко жөнөтүлгөн.

Протоколдорду биргелешип карагандын жыйынтыгында Россиянын мыйзамдарына ылайык, аларга “Кара тизмеге” киргизилбестен”, 5000 рубль айып пул салынары белгиленди.

Ошону менен бирге мындай окуялардын алдын алуу максатында, жарандарды жашаган жерине каттоого туруп жатканда ортомчулардын кызматын колдонбоону дагы бир жолу эскертебиз.