2018-жылы Россия Федерациясында FIFA Футбол боюнча чемпионатын даярдоо жана өткөрүүдө коопсуздук чарларынын күчөтүлүшү тууралуу

2018-жылы Россия Федерациясында FIFA Футбол боюнча чемпионатын даярдоо жана өткөрүүдө коопсуздук чарларынын күчөтүлүшүнө байланыштуу, футбол оюндары өтө турган Россиянын шаарларында (Москва, Санкт-Петербург, Казань, Сочи, Нижний Новгород, Самара, Калининград, Екатеринбург, Саранск, Волгоград, Ростов-на-Дону) иштеп, жашап жаткан КРнын жарандарына тийиштүү укуктук-консулдук жардам көрсөтүү, ошондой эле ал шаарлардын укук коргоо органдары тарабынан КРНын мыйзамсыз кармалышына карата оперативдүү түрдө көңүл буруу максатында КРнын РФдагы Элчилигинин алдында КРнын дипломатиялык мекемелеринин, КРнын Мамлекеттик миграция кызматынын жана КРнын ИИМнин Өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин, КРнын Адактуу консулдарынан жана аталган шаарлардагы кыргыз диаспоралык уюмдарынын активисттеринин курамынан турган Штаб түзүлдү. Штабдын негизги милдеттеринин бири Футбол боюнча Чемпионат өтө турган шаарларда КРнын жарандарынын миграциялык каттоого туруу тартиптери жөнүндө КРнын жарандарынын арасында маалыматтык-түшүндүрмө иштерин жүргүзүү боюнча тийиштүү чараларды көрүү болуп саналат. Мындан сырткары Футбол боюнча чемпионаттын оюндары өтө турган шаарларга келүүгө камынган же ал шаарларда турган жарандар үчүн миграциялык эрежелер боюнча кеңеш берүү, ошондой эле оперативдүү түрдө укуктук-консулдук жардам көрсөтүү үчүн Элчилик тарабынан “Ыкчам линиясы” уюштурулду.

Россияда өтүүчү Футбол боюнча чемпионатка байланыштуу КРнын жарандарына укуктук жана консулдук жардам көрсөтүү боюнча КРнын РФдагы Элчилиги тарабынан уюштурулган “Ыкчам линия” телефондорунун номерлери

Москва шаары: КРнын РФдагы Элчилиги +7 (925) 864-47-26, +7 (925) 864-47-1;

КРнын Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгү +7 (925) 291-72-72, +7 (495) 780-74-10;

КРнын ИИМнин Өкүлчүлүгү +7 (926) 890-87-00;

Москва шаарындагы коомдук уюмдар +7 (925) 703-82-61 +7 (926) 528-33-99 +7 (968) 808-19-30 +7 (963) 667-28-28 +7 (926) 910-17-77;

Санкт-Петербург шаары: +7 (900) 634-90-95 +7 (921) 939-35-40 +7 (962) 688-25-06;

Казань шаары: +7 (966) 260-97-60

Сочи шаары: +7 (988) 245-43-02 +7 (988) 286-51-20

Нижний Новгород шаары: +7 (967) 713-67-37

Самара шаары: +7 (927) 260-34-84

Калининград шаары: +7 (952) 792-15-35

Екатеринбург шаары: +7 (343) 223-68-12, +7 (963) 855-31-81, +7 (922) 229-66-66;

Саранск шаары: +7 (999) 716-75-90

Волгоград шаары: +7 (961) 669-95-55

Ростов-на-Дону шаары: +7 (960) 461-61-61 +7 (918) 528-81-85