Пресс-релиз 2018-жылдын 9-февралы

2018-жылдын 9-февралында КРнын РФдагы Элчилигинин ыкчам байланыш телефону аркылуу Москва шаарынын укук коргоо органдары тарабынан Кыргызстандын 35 жаранынын кармалышы боюнча маалымат келип түшкөн.

Ушуга байланыштуу Элчиликтин кызматкерлери Москва шаарынын Новогиреево райондук ИИБна барышкан. Анда чет элдик жарандардын документтерин тактоо боюнча “Террорго каршы” рейддин алкагында пландык текшерүү жүрүп жатканы белгилүү болгон.

Элчиликтин кызматкерлери Новогиреево райондук ИИБнын начальниги менен жолугушуп, анда укук коргоо органынын өкүлү кармалгандарга карата бардык укук, кызыкчылыктарын сактоо менен иш алып барылып жаткандыгын жана тийиштүү текшерүүдөн кийин бошотулаарын билдирген.

“Жашаган жериндеги каттоосу боюнча документтери текшерилгенден кийин 32 кыргызстандык коё берилип, калган 3 жаранга карата административдик протоколдор түзүлүп, ага ылайык жарандар аймактан чыгарылбастан, штраф төлөөсү зарылдыгы такталган.

Ошону менен бирге мындай окуялардын алдын алуу максатында, жарандар менен “суроо-жооп” форматында маек жүргүзүлүп, жарандарды жашаган жерине каттоого тургузууда Россиянын миграциялык кызматы тарабынан гана ишке ашаары белгиленип, жана ортомчулардын кызматынан колдонбоо эскертилди.