2018-жылдын 5-февралынан 9-февралына чейинки мезгилдеги Консулдук бөлүмдүн ишмердүүлүгү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Консулдук бөлүмдүн ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтын жарандар үчүн ачыктыгын камсыздоо максатында ар жумалык ишмердүүлүк тууралуу маалымат берүүнү улантууда.

2018-жылдын 5-февралынан 9-февралына  чейинки мезгилде Консулдук бөлүм тарабынан төмөндөгүдөй иштер аткарылды:

Жалпысынан 318 консулдук кызмат көрсөтүлдү, алардын ичинен:

Төмөндөгүлөр боюнча документтер жасалды:

– КРна кайтууга күбөлүк – 96; булардын ичинен 15 жаран чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу жайда (ЦВСИГ) жаткан КРнын жарандары, ошондой эле мамлекеттик клиникалык ооруканада жаткан КРнын жараны 1-күбөлүк алып мекенине кайтууга мүмкүнчүлүк алышты;

– КРнын жарандыгын тактоочу, туулгандыгы тууралуу күбөлүккө справка берүү – 70;

– балдарынын КРнын жарандыгын тандоосуна ата-энесинин макулдугу–7;

– виза документтери –4;

-жеке идентификациялык номер – 1

Төмөндөгүдөй арыздар кабыл алынды:

– паспорт алууга – 54;

– КРнын жарандыгына таандык экендигин аныктоого – 4;

– КРнын жарандыгынан чыгууга – 3;

– документтерин мыйзамдаштыруу –1;

Туруктуу консулдук каттоого коюлгандар – 18;

убактылуу консулдук каттоого тургандар61;

Укук коргоо ишмердүүлүк боюнча (укуктук кеңештерди берүү):

– кылмыш иштери, административдик жактан аймактан чыгаруу, РФнын аймагына кирүүгө чектөөнү алып салуу, айлык акысын төлөтүү маселелери боюнча 10 жазуу түрүндөгү арыз кабыл алынды;

– консулдук бөлүмдүн кызматкерлеринин, юристтеринин жеке кабыл алуусунда укуктук маселелер боюнча 370 жаранга оозеки консультация берилди;

– сот, укук коргоо органдарына, өлүкканаларга, тергөө бөлүмдөрүнө чыгуу: 12;

Жалпы документтердин жүгүртүлүшү жана телефон аркылуу кеңеш берүү:

– КРнын жана РФнын тийиштүү органдарынан жана уюмдарынан келген кириш документтер– 79;

– чыгыш документтердин саны – 31;

– жарандардын жеке кайрылуулары, алардын ичинде Элчиликтин интернет-кабыл алуусунда кеңеш алгандар – 19 жаран;

-Телефон аркылуу консультация алгандар – 357 жаран.

Жалпысынан 797 жаран кабыл алынды (келгендерди каттоо журналынан алынды)