КРнын РФдагы Элчилигинин Пресс-релизи 19-март, 2018-жыл

РФнын Рязань облусунун аймагында «Февраль» ЖЧКда иштеген КРнын жарандарынын (13 кыргызстандык кыз-келиндердин) укуктук, эмгектик укуктарынын бузууларын иликтөөнүн алкагында 2018-жылдын 19-мартындаКыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине, РФнын ИИМнин Рязань облусу боюнча Башкы башкармалыгына, белгиленген фактыны Россиянын компетенттүү органдарынын тыкыр иликтеп, РФнын укуктук мыйзамдарынын негизинде тийиштүү жазанын берилишин көзөмөлгө алуу өтүнүчү менен нота жөнөткөн.