Кыргыздын улуттук спорттук ат оюну Көк-Бөрү оюнунун турнири тууралуу

        2018 –жылдын 21-мартында Чыгыш элдеринин жаңы жылы болуп саналган Нооруз майрамына карата Москва облусунун Раменское шаарында КРнын Элчилигинин, Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн жана Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын («Мундуз» коомдук бирикмеси, Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын Координациялык кеңеши, Аксакалдар кеңеши, Жалпы россиялык кыргыз конгресси, «Ала-Тоо айымдары» коомдук кыймылы, «Сузак», «Алай», «Кара-Кулжа» коомдук уюмдары, «Береке» тобу жана «Мундуз» чайканасы) көмөгү менен кыргыздын улуттук спорттук ат оюну Көк-Бөрү оюнунун турнири болуп өттү.

        Иш-чаранын башталышында сүйлөгөн өкүлдөр жер жарылып чөп чыккан, күн менен түн теңелген ыйык күнү белгиленген Нооруз майрамынын элдерди ынтымакка, тынчтыкка, мээримдүүлүккө чакыруучу негизги майрам катары белгилешти. Ноорузга арналган спорттук турнирди кыргыз диаспорасынын күчү менен даярдалган шаңдуу улуттук ыр-күүлөр коштоду.

      Көк-Бөрү оюнунун турнири Россия жергесинде экинчи жолу өткөрүлүүдө. Улуттук спорттук ат оюнун өткөрүү 2018-жылдын 2-сентябрында Ысык-Көлдүн жээгинде өтүүчү Үчүнчү Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу жайылтуу максатын көздөйт.