«Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандык эмгек мигранттарынын абалы боюнча» теле көпүрө тууралуу

2018-жылдын 23- мартында «Спутник Кыргызстан» маалыматтык агенттиги жана «Россия сегодня» Эл аралык маалыматтык агенттиги тарабынан уюштурулган «Чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандык эмгек мигранттарынын абалы тууралуу» теле көпүрө уюштурулуп, ага Москва шаарында КРнын РФдагы Элчилигинин, КРнын Мамлекеттик миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, Москва шаарындагы кыргыз диаспоралык уюмдардын лидерлери катышып, эмгек мигранттары кабылып жаткан көйгөйлүү маселелер, аларды чечүүнүн жолдору, кыргыз диаспорасынын ишмердүүлүгү тууралуу маселелер каралды.