2018-жылдын 19-мартынан 23-мартына чейинки мезгилдеги Консулдук бөлүмдүн ишмердүүлүгү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Консулдук бөлүмдүн ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтын жарандар үчүн ачыктыгын камсыздоо максатында ар жумалык ишмердүүлүк тууралуу маалымат берүүнү улантууда.

2018-жылдын 19-мартынан 23-мартына чейинки мезгилде Консулдук бөлүм тарабынан төмөндөгүдөй иштер аткарылды:

Консулдук кызмат көрсөтүү: Төмөндөгүлөр боюнча документтер жасалды:

– КРна кайтууга күбөлүк – 78; булардын ичинен 1 жаран чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу жайда (ЦВСИГ) жаткан КРнын жарандары бекер күбөлүк алып мекенине кайтууга мүмкүнчүлүк алышты;

– КРнын жарандыгын тактоочу, туулгандыгы тууралуу күбөлүккө справка берүү – 126;

– балдарынын КРнын жарандыгын тандоосуна ата-энесинин макулдугу–20;

-жеке идентификациялык номер – 2

Төмөндөгүдөй арыздар кабыл алынды:

– паспорт алууга – 45;

– жаңы паспорт берүү – 74

– КРнын жарандыгына таандык экендигин аныктоого – 3;

– КРнын жарандыгынан чыгууга – 2;

Туруктуу консулдук каттоого коюлгандар – 11; убактылуу консулдук каттоого тургандар– 68;

Нотарилдык иштер – 6.

Укук коргоо ишмердүүлүк боюнча (укуктук кеңештерди берүү):

Кылмыш иштери, административдик жактан аймактан чыгаруу, РФнын аймагына кирүүгө чектөөнү алып салуу, айлык акысын төлөтүү, жол кырсыгына байланыштуу Мосгорсудга арыз жазуу маселелери боюнча 15 жазуу түрүндөгү арыз кабыл алынды;

Сөөктү мекенине алып кетүү боюнча жардам 2       .

Камакка алынган КРнын жарандары боюнча иш алып баруу 22

КРнын кармалган жарандары боюнча иш алып баруу 4

Камактан чыгарылган КРнын жарандары      2.  Маалымат РФнын укук коргоо органдарынан жана РФнын Жаза өтөө боюнча Федералдык кызматынын түзөтүү мекемелеринен алынды.

Диаспора менен иш алып баруу   2.

         2018 –жылдын 21-мартында Нооруз майрамына карата Москва облусунун Раменское шаарында КРнын Элчилигинин, Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн жана Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын («Мундуз» коомдук бирикмеси, Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын Координациялык кеңеши, Аксакалдар кеңеши, Жалпы россиялык кыргыз конгресси, «Ала-Тоо айымдары» коомдук кыймылы, «Сузак», «Алай», «Кара-Кулжа» коомдук уюмдары, «Береке» тобу жана «Мундуз» чайканасы) көмөгү менен кыргыздын улуттук спорттук ат оюну Көк-Бөрү оюнунун турнири болуп өттү.

         2018-жылдын 23- мартында «Спутник Кыргызстан» маалыматтык агенттиги жана «Россия сегодня» Эл аралык маалыматтык агенттиги тарабынан уюштурулган «Чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандык эмгек мигранттарынын абалы тууралуу» теле көпүрө уюштурулуп, ага Москва шаарында КРнын РФдагы Элчилигинин, КРнын Мамлекеттик миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, Москва шаарындагы кыргыз диаспоралык уюмдардын лидерлери катышып, эмгек мигранттары кабылып жаткан көйгөйлүү маселелер, аларды чечүүнүн жолдору, кыргыз диаспорасынын ишмердүүлүгү тууралуу маселелер каралды.

Резонанс туудурган окуялар         1.     РФнын Рязань облусунун аймагында «Февраль» ЖЧКда иштеген КРнын жарандарынын укуктук, эмгектик укуктарынын бузууларын иликтөөнүн алкагында 2018-жылдын 19-мартында КРнын РФдагы Элчилиги РФнын Тышкы иштер министрлигине, РФнын ИИМнин Рязань облусу боюнча Башкы башкармалыгына, белгиленген фактыны Россиянын компетенттүү органдарынын тыкыр иликтеп, РФнын укуктук мыйзамдарынын негизинде тийиштүү жазанын берилишин көзөмөлгө алуу өтүнүчү менен нота жөнөткөн.

 Жарандардын укук жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча чыгуулар3        

2018-жылдын 19-марты. КРнын жараны А.Б. нын укук жана кызыкчылыктарын коргоо максатында Москва шаарынын Отрадное району боюнча ИИБна чыгуу;

2018-жылдын 20-мартында өндүрүш кырсыгынын негизинде курулуш объектисинен кулап кеткен КРнын жараны М.у.Анын сөөгүн мекенине алып кетүүгө тийиштүүуруксат кагаздарын алып берүү үчүн Склифосовский МКОнын соттук-медициналык өлүкканасына чыгуу.

2018-жылдын 23-мартында РФнын ККнын 158-беренесинин 3-бөлүмү (уурулук) кылмышы боюнча кармалган КРнын жараны А.М.нын укугун коргоо алкагында Москва шаарынын Люблино райондук сотуна чыгуу.

Документ жүгүртүү көлөмү:

Кириш документтердин саны      111

Чыгыш документтердин саны       19

Жалпысынан 1007 жаран кабыл алынды.