Апрель революциясынын Күнүнө карата эс алуу күндөрү тууралуу

Урматтуу мекендештер, урматтуу кыргызстандыктар,

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, 7-апрель – Апрель революциясынын Күнү беш күндүк иш графиги менен иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекеме, уюмдар үчүн эс алуу күн болуп саналат.

Ушуга байланыштуу, иш эмес күн менен майрамдык эс алуу күнү дал келген учурда дем алыш күнү кийинки жумуш күнүнө жылдырылат. Демек, 7-апрель үчүн 2018-жылдын 9-апрели эс алуу күн болуп саналгандыктан, КРнын РФдагы Элчилиги иштебей тургандыгын маалымдайбыз.