Москва шаарында классикалык фото сүрөттөр Галереясында фото көргөзмөсү тууралуу

IMG-20180406-WA0053IMG-20180406-WA0049IMG-20180406-WA0055

Урматтуу мекендештер,
Москва шаарындагы кыргызстандыктар,

Кыргыз жерибиздин ажайып кооздугун, табиятынын сулуулугун, мелмилдеген Ысык-Көлүн, жапжашыл токойлорун, кызгалдакка оронгон тоо боорлорун, жашыл тулаң чөптөрүн даана, таза чагылдырган «Между небом и озером Иссык-Куль: 100 взглядов на Кыргызстан» аталган фото сүрөттөрдүн көргөзмөсү Москва шаарында классикалык фото сүрөттөр Галереясында тартууланууда.

Дареги: Москва шаары, Саввинская набережная көчөсү 23/1, метро станциясы Спортивная.
Көргөзмө 16-апрелге чейин уланат.
Галерея саат 12.00дөн 21.00гө чейин иштейт.
Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү – эс алуу.
Кирүү акысы балдар үчүн 150 рубль, чоңдор үчүн 300 рубль турат.
Барып, көрсөңүздөр, Кыргызстанга барып келгендей ырахат алып эс аласыздар.