2018-жылдын 2-апрелинен 6-апрелине чейинки мезгилдеги Консулдук бөлүмдүн ишмердүүлүгү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Консулдук бөлүмдүн ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтын жарандар үчүн ачыктыгын камсыздоо максатында ар жумалык ишмердүүлүк тууралуу маалымат берүүнү улантууда.

2018-жылдын 2-апрелинен 6-апрелине чейинки мезгилде Консулдук бөлүм тарабынан төмөндөгүдөй иштер аткарылды:

Консулдук кызмат көрсөтүү:

Төмөндөгүлөр боюнча документтер жасалды:

– КРна кайтууга күбөлүк – 109; булардын ичинен 16 жаран чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу жайда (ЦВСИГ) жаткан КРнын жарандары бекер күбөлүк алып мекенине кайтууга мүмкүнчүлүк алышты;

– КРнын жарандыгын тактоочу, туулгандыгы тууралуу күбөлүккө справка берүү – 107;

– балдарынын КРнын жарандыгын тандоосуна ата-энесинин макулдугу–10;

-жеке идентификациялык номер – 3

Төмөндөгүдөй арыздар кабыл алынды:

– паспорт алууга – 91;

– жаңы паспорт берүү – 55

– КРнын жарандыгына таандык экендигин аныктоого – 6;

– КРнын жарандыгынан чыгууга – 1;

Туруктуу консулдук каттоого коюлгандар – 19;

убактылуу консулдук каттоого тургандар– 42

Нотарилдык иштер – 2

Укук коргоо ишмердүүлүк боюнча (укуктук кеңештерди берүү):

Кылмыш иштери, административдик жактан аймактан чыгаруу, РФнын аймагына кирүүгө чектөөнү алып салуу, айлык акысын төлөтүү, жол кырсыгына байланыштуу Мосгорсудга арыз жазуу маселелери боюнча 11 жазуу түрүндөгү арыз кабыл алынды;

Сөөктү мекенине алып кетүү боюнча жардам 1.

Камакка алынган КРнын жарандары боюнча иш алып баруу 9

КРнын кармалган жарандары боюнча иш алып баруу 4

Камактан чыгарылган КРнын жарандары 4.

Маалымат РФнын укук коргоо органдарынан жана РФнын Жаза өтөө боюнча Федералдык кызматынын түзөтүү мекемелеринен алынды.

Жарандардын укук жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча чыгуулар – 5

1). 02.04.2018-жыл – Москва шаарыдык соту. КРнын жараны С.Ж. нын арызын кароо боюнча Дорогомиловский райондук сотунун административдик укук бузуулары үчүн РФнын аймагынан чыгаруу боюнча жаза тууралуу токтомун кароого катышуу;

2). 05.04.2018-жыл – Москва шаарынын Сахарово айылындагы РФнын ИИБнын Башкы башкармалыгынын чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына КРнын жараны М.Р. менен жолугушуу;

3). 06.04.2018-жыл – Москва шаарынын Якиманка райондук 396 сот участогуна чыгуу. Кыргыз жараны катышкан жол эрежелерин бузуу боюнча материалдар менен таанышуу;

4). 3.04 2018-жыл – КРнын жарандары катышкан жол кырсыгынан жабыр тарткандар жана жергиликтүү укук коргоо органдары, Рязань облустук жана Шацкий райондук оорукананын жетекчилиги жана дарыгерлери менен жолугушуу үчүн Рязань облусуна чыгуу;

5). 2018-жылдын 4-апрелинде Москва шаарынын Бабушкин райондук сотуна КРнын жараны А.С.нын кылмыш иши боюнча чыгуу.

Документ жүгүртүү көлөмү:

Кириш документтердин саны     99

Чыгыш документтердин саны     63

Жалпысынан 894 жаран кабыл алынды.