Манас баатырдын эстелиги тургузулган “Дружба” эс алуу багында ишембилик өткөрүү тууралуу маалымат

Урматтуу мекендештер, 
Урматтуу Москва шаарында эмгектенип жаткан жердештер, кыргыз диаспора өкүлдөрү,

Салтка айланып калгандай эле, 2018-жылдын 21-апрелинде Манас атабызга эстелик тургузулган “Дружба” сейил багын тазалоо боюнча ишембилик өткөрүлөт.
Москва шаарынын Маданият дпеартаменти менен Элчиликтин сүйлөшүүсүнө ылайык керектүү эмгек шаймандары менен “Достук” эс алуу багынын администрациясы камсыздайт.
Ишембилик саат 10.00дө башталат.
Баарыңыздарды 21-апрелде саат 9.30га чогулуп, чогуу-чаран ишембиликти өткөрүп, Манас атабыздын эстелигин тазалап, анын айланасын тазалап, ынтымакта таза абадан дем алып, бири-бирибиз менен баарлашып, жакшы маанайда өткөрүп кетүүну сунуштайбыз.