2018-жылдын 10-апрелинен 13-апрелине чейинки мезгилдеги Консулдук бөлүмдүн ишмердүүлүгү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Консулдук бөлүмдүн ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтын жарандар үчүн ачыктыгын камсыздоо максатында ар жумалык ишмердүүлүк тууралуу маалымат берүүнү улантууда

2018-жылдын 10-апрелинен 13-апрелине чейинки мезгилде Консулдук бөлүм тарабынан төмөндөгүдөй иштер аткарылды:

Консулдук кызмат көрсөтүү:

Төмөндөгүлөр боюнча документтер жасалды:

– КРна кайтууга күбөлүк – 93; булардын ичинен  6  жаран чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу жайда (ЦВСИГ) жаткан КРнын жарандары бекер күбөлүк алып мекенине кайтууга мүмкүнчүлүк алышты;

– КРнын жарандыгын тактоочу, туулгандыгы тууралуу күбөлүккө справка берүү – 99;

– балдарынын КРнын жарандыгын тандоосуна ата-энесинин макулдугу–17;

-жеке идентификациялык номер – 3

Төмөндөгүдөй арыздар кабыл алынды:

– паспорт алууга – 49;

– жаңы паспорт берүү – 56

– КРнын жарандыгына таандык экендигин аныктоого – 4;

– КРнын жарандыгынан чыгууга – 5;

Туруктуу консулдук каттоого коюлгандар – 41;

убактылуу консулдук каттоого тургандар– 94.

Нотарилдык иштер – 1.

Укук коргоо ишмердүүлүк боюнча (укуктук кеңештерди берүү):

Кылмыш иштери, административдик жактан аймактан чыгаруу, РФнын аймагына кирүүгө чектөөнү алып салуу, айлык акысын төлөтүү, жол кырсыгына байланыштуу Мосгорсудга арыз жазуу маселелери боюнча 26 жазуу түрүндөгү арыз кабыл алынды.

Сөөктү мекенине алып кетүү боюнча жардам  2.

Камакка алынган КРнын жарандары боюнча иш алып баруу 4;

КРнын кармалган жарандары боюнча иш алып баруу 2;

Камактан чыгарылган КРнын жарандары 6.

Маалымат РФнын укук коргоо органдарынан жана РФнын Жаза өтөө боюнча Федералдык кызматынын түзөтүү мекемелеринен алынды.

Жарандардын укук жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча чыгуулар – 3:

1) 10-апрель, 2018-жыл КРнын жараны А.Сыргаковдун кылмыш иши боюнча Москва шаарынын Бабушкин райондук сотуна баруу;

2). 12-апрель, 2018-жыл – “Азаттык” радиосу тарабынан уюштурулган өндүрүш кырсыктарына кабылып, каза болгон, жабыр тарткандар боюнча телеберүүгө катышуу;

3). 12-апрель, 2018-жыл –  КРнын жараны А.Сыргаковдун кылмыш иши боюнча Москва шаарынын Бабушкин райондук сотуна катышуу.

Документ жүгүртүү көлөмү:

Кириш документтердин саны 90

Чыгыш документтердин саны 77

Жалпысынан 767 жаран кабыл алынды.