Кыргыз Республикасы

Кыргыз Республикасы (Кыргызстан)

 

Кыргыз Республикасынын аймагы батыштан чыгышка 900 кмге, түндүктөн түштүккө 410 кмге созулуп, болжол менен 39° жана 43° түндүк кеңдиктердин аралыгында жатат. Кыргызстандын аянты 199,9 миң км². Түндүгүндө Казахстан Республикасы, батышында Өзбекстан Республикасы, түштүк-батышында Тажикстан Республикасы, түштүк-чыгышында Кытай Эл Республикасы  менен чектешет. Калкы 5 миллиондон ашык, анын ичинде кыргыздар 66,9%ти, өзбектер 14,14%ти, орусстар 10,65%ти түзөт. Кыргыз Республикасы көп улуттуу мамлекет, анда 80 ден ашык улуттун өкүлдөрү жашайт.

Мамлекеттик тил – кыргыз тили; расмий тил – орус тили.

  • Кыргыз Республикасынын борбору – Бишкек. Бишкек шаары республиканын саясий, экономикалык, илимий жана маданий борбору, транспорттук башкы түйүнү болуп эсептелет.
  • 1878-жылы негизделген.
  • Аймагы: 127,3 км².
  • Калкы 1 миллиондон ашык.
  • «Манас» эл аралык аэропорту, темир жол менен жеңил машина жолдору жана жалпы инфраструктурасы  шаарга аймактык жана дүйнөлүк экономикага жуурулушууга мүмкүндүк берет.

Кыргызстандын административдик-аймактык бөлүнүшү

Чуй облусу
Аянты 20,2 миң км². Облуста 4 шаар, 5 райондук шаар, 105 айыл өкмөтү, 327 айыл-кыштагы бар.

Талас облусу
Аянты 11,4 миң км². Облуста 1 шаар жана 1 райондук шаар, 35 айыл өкмөтү, 90 айыл-кыштагы бар.

Иссыкөл облусу
Аянты  43,1 миң км². Облуста 3 шаар жана 5 райондук шаар, 58 айыл өкмөтү, 181 айыл-кыштагы бар.

Нарын облусу (Борбордук Тянь-Шань)
Аянты 45,2 миң км². Облуста 1 шаар жана 2 райондук шаар, 56 айыл өкмөтү, 132 айыл-кыштагы бар.

Ош облусу
Аянты 29,2 миң км². Облуста 3 шаар жана 2 райондук шаар, 79 айыл өкмөтү, 467 айыл-кыштагы бар. Ош жана Баткен облустары Кыргызстандын эң түштүгүндөгү облустар болуп саналат.

Джалалабад облусу
Аянты 33,7 миң км². Облуста 5 шаар жана 8 райондук шаар, 58 айыл өкмөтү, 415 айыл-кыштагы бар.

Баткен облусу
Аянты 17,0 миң км². Облуста 3 шаар жана 5 райондук шаар, 29 айыл өкмөтү, 189 айыл-кыштыга бар.