Кыргызстандын экономикасы

Кыргызстандын экономикасы

 

  • Кыргыз Республикасынын 2010-жыл боюнча социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнүн жыйынтыктары туурасында маалымат.
  • Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын январь–декабры боюнча социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнүн негизги кѳрсѳткүчтѳрү.
  • Терекканда жайгашкан жер астында жаткан алтынды иштетүү, Теректеги алтын-сурма жана Терексай аянтын геологиялык жактан изилдѳѳ  максатында  жер кыртыштарын колдонууга уруксат алуу боюнча конкурс ѳткѳрүүнүн тартиби.
  • Исыккѳл облусунун бизнес-долбоорлорунун тизмеси.
  • Кыргызстандын инвестициялык долбоорлору.

 

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын биринчи кварталындагы

социалдык-экономикалык ѳнүгүүсү туурасында

Маалымкат


2011-жылдын биринчи кварталынын негизги жыйынтыгы экономикалык ѳсүүнүн тѳмѳндѳшүнѳ байланышкан коркунучту жеӊүү жана  ѳлкѳдѳгү ички саясий кыйындагандык шарттарында социалдык-экономикалык туруктуу багытты сактоо болду. КР Улуттук стат комитетинин билдирүүсү боюнча, 2011-жылдын январь–март айлары ичинде ички дүӊ азык 46,6 млрд.сомго жеткен, бул 2010-жылдын январь–март айларындагы 16,8% тен жогору. «Кумтѳр» ишканасын эске албаганда ички дүӊ азык 2011-жылдын январь–март айларында 1,8%ке (101,8%) ѳскѳн, ал эми 2010-жылы 108,9% болгон. Экономикалык ѳсүүдѳгү жетишкендиктердин негизги секторлору: ѳнѳр жай, айыл чарба жана тейлѳѳ тармагы, булардын салыштырма салмагы 84,75%, ал эми суммалык салымы 0,78%. Ички дүӊ азыктын ѳндүрүш структурасында 2011-жылдын январь–март айларында 2011-жылдын январь–март айларынан ѳтѳ маанилүү деле ѳзгѳрүү болгон жок, товар ѳндүргѳн тармактардын үлүшү 2010-жылдын январь–март айларындагыдай деӊгээлде эле болуп, 40,1%ти түзгѳн. Ѳнѳр жайдын салыштырма салмагы бир аз – 0,4 п.п. (2010-ж. 27,59%) кѳбѳйгѳн, ал эми айыл чарбасынын үлүшү – 0,3 п.п. (9,1%) кыскарган, тейлѳѳ тармагы – 0,24 п.п.(48,2%), курулуш – 0,13 п.п.

Ушундан улум белгилеп кетүү керек, ички дүӊ азык  күтүлгѳн деӊгээлге – 1,3%ке жеткен жок.  Себеби ички дүӊ азыктын ѳсүшүндѳгү чоӊ үлүш тейлѳѳ жана курулуш секторлорунан күтүлгѳн, ал эми ѳнѳр жай менен айыл чарба тармагынан чоӊ  үлүш күтүлгѳн эмес.  Республикадагы курулуш секторунун ѳсүш деӊгээлинин тѳмѳндѳшүнѳ курулуш жана күйүүчү май материалдарынын кымбаттап кетиши терс таасирин тийгизди. Ошондой эле металлдык каражаттардын, арматура, цемент, пилолес ж.б. баалары да ѳтѳ тез кѳтѳрүлүп кеткен. Негизги макроэкономикалык кѳрсѳткүчтѳрдү түзгѳн факторлордун катарына тѳмѳнкүлѳрдү киргизүүгѳ болот:

Тышкы:

Жагымдуу факторлор:
• КРнын негизги соода ѳнѳгү болгон ѳлкѳлѳрдүн туруктуу экономикалык ѳнүгүүсү (Россия-4,4%, Казахстан-6,5%), Ѳзбекстан-7,0%);
• Алтынга болгон баанын 1 унцияга 1233 – 1424 долларга ѳсүшү (2011-ж. январь- март);
• Россия тарабынан нефтепродуктыларга болгон экспорттук салыктын жоюлушу;

• Азык-түлүккѳ болгон дүйнѳлүк баанын турукташтырылышы, алардын ичинде дан азыктарына да.

Жагымсыз факторлор:
• Нефтепродуктыларга болгон дүйнѳлүк баанын 40%ке (91–127 долл.  баррель үчүн (ВКЕЖ)) ѳсүшү;

• Импорттук азык-түлүктѳрдүн  баасынын ѳтѳ жогору болушу (дан азыктары, май, кумшекер);

• Бажы Биримдиги кыймылынын башталышы менен Казахстандын чек арасынан экспорттук азыктарды алып ѳтүүнүн кыйындашы.
Ички:
Жагымдуу факторлор:
• Фермерлерге жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүгѳ берилген жеӊилдетилген насыялар (кредиттер);

• Банктык эмес каражат-насыялык мекемелердин насыялык портфелинин 11,1 млрд.сомду түзгѳн  24,7%ке кѳбѳйүшү;

• Ишкерчиликтин субъектилерине болгон салык преферециясы, тигүүчүлүк жана текстиль тармактарындагы салык тѳлѳѳнүн жеӊилдетилиши жана жѳнѳкѳйлѳтүлүшү;

• Ишкердик жүргүзүүгѳ шарт түзүү үчүн ар кандай текшерүүлѳрдүн, лицензиялардын санын азайтуу мамлекеттик деӊгээлде жѳнгѳ салынуусу;

Жагымсыз факторлор:
• Инвестициялык активдүүлүктүн тѳмѳндѳшү: чет ѳлкѳлүк түз инвестициялардын кетиши АКШнын 212,4 млн.долл. (46,7%) түзгѳн;

• Ѳсүмдүк азыктарына сезондук баанын жогорулашы;
• Ишкердиктин ѳнүгүүсүнѳ берилген насыялардын үлүшүнүн ѳтѳ жогору болушу (20,71% – орточо үлүштүн ставкасы);
• Акча базасынын жана акча жүгүртүүнүн 7,2% жана 5,6%ке кыскарышы;
• Депозиттердин агып чыгышы (жалпы депозиттик база 1%ке азайган).

Энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу.
Ѳлкѳнүн энергетика коопсуздугун камсыз кылуу жана электроэнергияны иштеп чыгууну кѳбѳйтүү үчүн тѳмѳнкүдѳй иш-чаралар жүргүзүлүүдѳ:

Камбарата ГЭСтерин энергосистемага  кошуу жана кубаттуулугун кѳтѳрүү, коӊшу мамлекеттерден энергетикалык кѳзкарандысыздыкты жоюу максатында Кыргызстандын түштүгүндѳ 500/220 кВ «Датка»  жана 220 кВт ВЛ жана 500 кВт «Датка-Кемин» подстанцияларын куруу боюнча долбоор иштелип, ал үчүн тѳмѳнкүдѳй иштер жасалды:
– Алдын ала бир жылга берилген тактамалар. 2011-жылдын 1-кварталынын фактылары. Улуттук стат комитетке 2011-жылдын 25-майынан кийин берилет.
• 23.02.11. КЭР менен КЭР Ѳкмѳтүнүн каражатынын ШКБ ѳлкѳлѳрү үчүн бѳлүнгѳн эсебинен АКШ 208 млн.долл. бѳлүштүрүлгѳн Макулдашмага кол коюлган;

• КЭРнын Экспорттук-импорттук банкынын дарегине  КР финансы министрлигинин атынан  «Кыргызстандын түштүгүндѳ электрэнергия менен жабдууну жакшыртуу» деген долбоорго ѳтүнмѳ жѳнѳтүлгѳн;
• Баткен облусун Таджикстандын энергосистемасынан кѳзкарандысыз кылуу үчүн 2011-жылдын аягында узундугу 140 км болгон ЛЭП ПО кВ “Айгүлташ-Самат”  курулушун (долбоордун жалпы баасы – АКШ 11,89 млн.долл.) куруу боюнча тажикстандык тарап менен активдүү сүйлѳшүүлѳр жүргүзүлүп жатат.

Казахстан Республикасы жана Ѳзбекстан Республикасы менен түзүлгѳн Келишимдердин негизинде  2011-жылдан тартып кыргыз энергосистемасы Борбордук Азиянын бириккен энергосистемасы менен катар бирдей иш жүргүзүп жатат.


Маалымдама: Казахстан менен Кыргызстандын ортосунда Борбордук Азиянын бириккен энергосистемасынын курамында Казахстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын бирдей энергосистемада иштѳѳсү үчүн бардык жолдор эске алынып  сүйлѳшүлгѳн жыйынтык чечимдер бар жана алар 2010-2011-ж. күзгү-кышкы мезгилдеринде ѳз ара пайдалуу режимде иштѳѳгѳ мүмкүнчүлүк берет.  Ѳзбекстан менен 2011-жылы энергосистема менен бирдей иштѳѳ боюнча Макулдашмага кол коюлган. Таджикистан менен 2011-жылы Сүлүктү энерготүйүнүн энергия менен камсыз кылууга Келишим түзүлгѳн.  Жогоруда кѳрсѳтүлгѳн Макулдашмалар менен Келишимдер бүгүнкү күндѳ толугу менен ишке ашырылууда.

ЗАК «Камбарата-1 ГЭСи», БАК «Электро станциялар» жана БАК «ИНТЕР РАО ЕЭС» биргелешкен ишканаларынын алкагында Камбарата-1 ГЭСтин курулушу боюнча долбоордун иши улантылып жатат.

Экономикадагы керектѳѳлѳрдүн ѳсүшү электроэнергиянын андан ары кѳбѳйүшүн талап кылууда. Россия менен Нарын жана Сарыжаз дарыяларынын жогорку агымында тѳрт станцияны куруу боюнча сүйлѳшүүлѳр улантылууда.
Маалымдама: Бул маселе 2011-ж. 10-февралында Кыргыз-Россия Ѳкмѳт аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча комиссиянын 12-жыйынында каралган.  Аталган жыйында Нарын-1 ГЭСи, Нарын-2 ГЭСи, Нарын-3 ГЭСи, Жаӊыкѳл ГЭСи жана Акбулуӊ ГЭСнин курулуш долбоору чечилген.   Мындан тышкары, 21.02.11. КР энергетика министрлиги тарабынан БАК «Русгидро» менен  Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча чечимге кол коюлган.

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздандыруу.

2011-жылдын январь-март айларынын жыйынтыгы боюнча республиканын ички азык-түлүк рыногун негизги азыктар менен камсыздандыруу боюнча: – нан азыктары – 387,4%, картошка – 347,6%, сүт – 120,6%, эт – 67,3%, жашылча – 159,6%, ѳсүмдүк майы– 329,4%, кумшекер – 12,0%, мѳмѳ-жемиш – 9,5%ти түзгѳн. Белгилеп кетүү керек, негизги азык-түлүккѳ болгон баанын ай сайын ѳсүшү, республиканын негизги калкынын азык-түлүктү сатып алууга мүмкүнчүлүктѳрүн тѳмѳндѳтѳт.  Кыргыз Республикасына кѳрсѳтүлгѳн гуманитардык жардамдын натыйжасында Россия Федерациясынан 1,0 миӊ тонна жаздык арпа сатылып алынган.  Казахстан Республикасынан 500 тонна жогорку түшүмдүү жүгѳрү гуманитардык жардам катарында күтүлүүдѳ.  ЮСАИД кѳрсѳткѳн гуманитардык жардам республикага  307,7 тонна чет ѳлкѳлүк эӊ мыкты сорттогу күн караманы сатып алууга мүмкүндүк берет.  Урук ѳстүрүүчү чарбалар, айылчарба кооперативдери, ошондой эле жарды дыйкан жана фермерлер ЮСАИДден 1451 тонна жазгы буудай,  453 тонна жазгы арпа,  36,6 тонна эӊ мыкты кант кызылчасынын уругун жана отургузуу үчүн 1300 тонна картошка алышат. Түрк Кызыл Жарымай долбоору боюнча  300 тонна пахтанын уругунун мыкты сорту сатылып алынган, ал  6,0 миӊ га аянтка жаздык себүүгѳ жумшалган.

Мамлекеттик карыз.
2011-жылдын 1-мартына мамлекеттик карыз 133 645,8 млн.сомду түзгѳн, мунун ичинде ички карыз – 8 132,9 млн.сом, тышкы карыз  – 125 512,9 млн.сом.  2011-жылдын январь-март  айларына карызды тейлѳѳ 1 284,42 млн.сомду түзгѳн.  Тышкы карызды тейлѳѳгѳ 431,56 млн.сом жумшалган, мунун ичинде негизги сумма – 233,17 млн.сом, ал эми үлүш – 198,39 млн.сом.
Ички карызды тейлѳѳгѳ 852,86 млн. сом жумшалган, мунун ичинде негизги сумма – 799,70 млн. сом, ал эми үлүш – 53,16 млн. сом.

Инвестициялар.

2010-жылы чет ѳлкѳлүк түз инвестицияны тартуу жана тышкы жардам мамлекеттин саясатына ылайык жүргүзүлгѳн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн эӊ негизги маселелери жана артыкчылыктуу максаттарына ылайык ишке ашырылган. Кыргыз Республикасынын Улуттук стат комитеттин билдирүүсүнѳ караганда, 2010-жылы келген чет ѳлкѳлүк инвестиция АКШнын 446,0 млн.долл түзгѳн. Инвестициянын келишинин тѳмѳндѳшү, биринчи кезекте, 2010-жылы республикада болуп ѳткѳн трагедиялык окуялардан улам түзүлгѳн саясий туруксуздукка  байланыштуу болгон. Коӊшулаш ѳлкѳлѳр менен чек аралардын жабылышы да Кыргызстандын инвестициясына терс таасирин тийгизди.  Инвестициянын келиши ѳлкѳдѳгү туруктуу, жагымдуу жагдайларга байланыштуу болору белгилүү. Чет ѳлкѳлүк түз инвестициянын келиш структурасын карап чыгып,  2010-жылы акционердик капиталдын агып келиши АКШнын 22,3 млн.долл. түзүп, 2009-жылга салыштырмалуу 19,5%ке азайган; түшкѳн пайда  АКШнын 95,5 млн.долл. түзгѳн, бул 2009-жылга караганда 11,6%ке аз; башка калган капитал АКШнын 328,1 млн.долл түзүп, 2009-жылга караганда 74,7%ке аз болгон. Булардын ичинен соода насыяларынын эсебинен  АКШнын 49,8 млн. долл., чет ѳлкѳлүк энчилештерден келген насыя  АКШнын 278,2 млн. долл. түзгѳн. 2010-жылы ѳткѳн жылга салыштырмалуу  чет ѳлкѳлүк инвестицияны тартуу деӊгээли, иштеп чыгаруучу ѳнѳр жайлар: мейманкана, ресторан, кыймылсыз мүлк боюнча иштер, ижара жана тейлѳѳ тармактарын эске албаганда, бардык тараптан тѳмѳндѳгѳн. Эӊ тѳмѳн инвестиция экономиканын финансы секторунда байкалган. 2010-жылы инвесторлор үчүн кызыкчылык туудурган тармак – иштеп чыгаруучу ѳнѳр жай болгон, инвестициянын жалпы салыштырма салмагы 48,4%ти түзгѳн; кыймылсыз мүлк менен жасалган иштер, ижара жана тейлѳѳ кызматтары 39,9%ти түзгѳн; соода, жеӊил машиналардын, тиричиликке керектүү буюмдардын ремонту 4,1%ти; транспорт жана байланыш 2,9%ти түзгѳн.
2010-жылы чет ѳлкѳлүк түз инвестициянын келиши (КМШ ѳлкѳлѳрүнѳн тышкары) 84,8%ти түзгѳн. Негизги инвестор-ѳлкѳлѳр: Канада – 21,1% инвестициянын жалпы кѳлѳмүнѳн (АКШнын 94,0 млн.долл.), Кытай – 12,5% (АКШнын 55,7 млн.долл.), Великобритания – 12,1% (АКШнын 54,2 млн.долл.).
Канададан келген инвестиция, негизинен,  иштеп чыгаруучу ѳнѳр жай тармагына жѳнѳтүлгѳн, тактап айтсак, металл ѳндүрүшүнѳ жана даяр металл буюмдар ѳндүрүшүнѳ (97,3%), Кытайдан келгенди – геологиялык чалгындоого (63,2%), транспорт жана байланыш тармагына (21,5%). Великобританияныкын – геологиялык чалгындоого (90,1%).
2009-жылга салыштырмалуу түз келген инвестиция Канададан 16,1%ке, Кытайдан 8,3%ке ѳскѳн , ал эми Великобританиядан 51,0%ке кыскарган.
КМШ ѳлкѳлѳрүнѳн келген инвестиция 2009-жылга салыштырмалуу тѳмѳндѳгѳн.  Инвестициянын негизги үлүшү Россиядан – түшкѳн инвестициянын жалпы кѳлѳмүнѳн 21,5%ти (АКШнын 95,8 млн.долл.) түзгѳн, ошондой эле Казахстандан – 2,0%ти (АКШнын 8,9 млн.долл.) түзгѳн. Белорусиянын инвесторлору кошкон салым 99,3%ке кыскарган, Казахстандыкы  95,8%ке, Украинаныкы 49,1%ке, Ѳзбекстандыкы 22,9%ке, ал эми Россияныкы, тескерисинче, 2,1%ке кѳбѳйгѳн. Россиядан келген инвестициянын негизи бѳлүгү  иштеп чыгаруучу ѳнѳр жай тармагына жѳнѳтүлгѳн (96,9%, мунун 99,4%ти азык-түлүк ишканасына).

КР ТИМ (ДМЭС)

2011-жылдын  I кварталында  Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 1,2 млрд.долл. түзүп,  10%ке кѳбѳйгѳн.


Business АКИpress
– Мамлекеттик бажы статистикасынын билдирүүсү боюнча, 2011-жылдын январь-март айларында тышкы соода жүгүртүү  $1 млрд 204,79 (57 млрд 93,33 млн сом) түзгѳн, 2010-жылга салыштырмалуу $105,33 (ѳсүү – 9,58%) же  8 млрд 99,99 млн сом (ѳсүү – 16,53%) кѳбѳйгѳн.  Импорт $86,57 же 12,73%ке кѳбѳйгѳн, сом менен 6 млрд 19,39 млн. сомго же ѳсүү темпи 19,86%. Экспорт $18,76 млн же 4,47% (2 млрд 80,61 млн сом же 11,13%) ѳскѳн.

Кѳрсѳткүчтѳр 2010-жыл 

январь-март

 

2011-жыл 

январь-март

 

2011-жыл,  %  м-н 

2010-жылга

салмак нетто 

(миӊ тонна)

наркы салмак нетто (миӊ тонна) наркы гр.6/гр.3 

$ э.*

гр.7/гр.4 

сом э.*

млн. $ США млн. сом млн. $ АКШ млн. сом
1 2 3 4 5 6 7 8 9
Импорт – бардыгы 1 346.68 679.93 30 307.30 1 101.75 766.42 36 323.39 112.72 119.85
ГТД боюнча: 1 291.47 619.93 27 634.19 1 050.70 696.59 33 013.49 112.37 119.47
Жакынкы чет ѳлкѳлѳр 1 127.57 391.57 17 460.67 899.36 381.38 18 072.17 97.40 103.50
Алыскы чет ѳлкѳлѳр 163.91 228.36 10 173.52 151.34 315.20 14 941.33 138.03 146.86
ТПО боюнча: 55.21 60.00 2 673.12 51.05 69.84 3 309.89 116.40 123.82
Жакынкы чет ѳлкѳлѳр 0.27 0.84 37.37 0.25 0.73 34.77 87.74 93.04
Алыскы чет ѳлкѳлѳр, алардын ичинен 54.94 59.16 2 635.75 50.80 69.10 3 275.13 116.80 124.26
Экспорт – бардыгы 388.93 419.61 18 689.34 496.28 438.37 20 769.95 104.47 111.13
ГТД боюнча: 388.93 419.61 18 689.34 496.28 438.37 20 769.95 104.47 111.13
Жакынкы чет ѳлкѳлѳр 327.75 83.33 3 716.80 421.34 110.08 5 216.99 132.09 140.36
Алыскы чет ѳлкѳлѳр 61.18 336.28 14 972.54 74.94 328.29 15 552.96 97.63 103.88
Тышкы соода жүгүртүү 1 099.54 48 996.65 1 598.03 1 204.79 57 093.33 109.57 116.52
Тышкы соода 

сальдосу

-260.32 -11 617.96 -605.47 -328.05 -15 553.44
Импорту экспорт менен жабуунун коэффициенти, % 61.71 57.20
$ курсу КМШ 44.5384 47.4030

Leave a Reply