Кыргызстандагы туризм

Кыргызстандын туристтик мүнкүнчүлүктөрү


Кыргызстан – кереметтүү  тоолуу өлкө. Орто-Азиянын түндүк-чыгышында жайгашып, Тянь-Шань менен Памир,  Алайдын манилүү бөлүгүн  ээлейт. Республиканын аянты 200 миң кв.км. 90%тен ашыгын тоолор ээлеп турат. Чокулары деңиз деңгээлинен 700 метр бийиктикте турат, өлкөнүн бир дагы жеринде  деңиз деңгелинен 500 метрден төмөн жайгашкан чекит жок. Дүйнөдөгү эң бийик чокулар  Кыргызстанда жайгашкан: Жеңиш  чокусу ( 7439 м.), Ленин  чокусу (7134 м.), Хан-Теңири чокусу (7110 м.). 80 ден ашык ири тоо  кыркалары Кыргызстандын территориясы аркылуу өтөт. Алар терең  ойдуңдар менен айкалашып, өлкөнүн  климатын кескин континенталдык кылышат. Кыргызстан түндүк тарабынан Казахстан, Ѳзбекстан жана Тажикстан менен чектелишет. Түштүк-чыгыш жагынан Кытай менен чектешет. Жылуулуктун, суунун, жарыктын молдугу жылуулукту сүйүүчү  жер-жемиштерди өстүрүүгө шарт түзөт; пахта, жүзүм, абрикос, шабдалы, дарбыз, коон ж.б.


Саякатчылар тоого чыкканда бардык климаттык алкактарга туш болушат: чөлдүн ысык демине, ийне жалбырактуу салкын арча токойлоруна, ар түркүн чөптүү жашыл альпы шалбааларына, арктикалык суукка. Мөңгүлөрдөн Кыргызстандын дарыялары жаралат. Ѳтө муздак, шаркыраган дарыялар сууну өрөөндөргө жана чөлдөргө алып барышат. Экологиялык жактан таза суулар пайдалуулугу боюнча термалдык жана  минералдык  булактар  менен теңтайлашат, мындай булактар өлкөнүн бардык  райондорунда бар. Илгертеден бери  мындай булактар дарылоо максатында колдонулуп, ошол жерлерге  курорттор, санаторийлер курулган. Ѳлкө пайда болушу  боюнча ар түрдүү ири жана майда көлдөргө бай. Ѳлкөдө 2000ден ашык көл жана жасалма суу сактагычтар бар. Көлдөр территориянын 3,4% тин ээлейт. Алардын көпчүлүгү  суу агып чыгуучу жана таза суулуу кѳлдѳр. Эң кооз көл болуп Ысык-Көл эсептелинет. Аны курчап турган Тянь-Шандын тоо кыркалары чыныдай болуп, туздуу жана тунук Ысык-Көлдүн  сууларын кармап турат. Көп түрдүү жаратылыш  ландшафтарында бай флора жана  фауна  жайгашкан.

Бул жерден чөлдүн жана токойдун, түздүк менен бийик тоолуу жердин, талаа менен шалбаанын жашоочуларын кезиктирүүгө болот. Коруктардын көптүгү байлыктардын ар түрдүүлүгүн сактоого шарт  түзөт.  Грек жаңгагынын реликттик токойлорунда алма, алча, алмурут, миндаль өсөт, мындан тышкары  бул токойлордо чанда кезигүүчү жаныбарлар жашайт; бугу, зубр, элик ж.б. жырткыч айбанаттар.


Кыргызстан бир гана жаратылышы эмес, маданияты  менен дагы кызык. Кыргыздар  мурда көчмөн калк болгондуктан, азыркыга чейин ал жашоонун атрибуттары сакталып калган. Бул жерде боз үйдү көрүүгө болот.  Боз үй – кол менен жасалган кооз килемдер жана тесмелер менен кооздолгон, көчүп жүрүүгө ылайыкташкан. Эгерде кааласаңар боз үйдө жашап, көчмөндөрдүн күнүнүмдүк жошоосун; койлорду багуу, кымыз жасоо, улуттук ат оюндарын көрсөңүз болот.

Силер бул жерден түндүк менен түштүк Кыргызстандын климатындагы, жаратылышындагы, маданиятындагы таӊ калыштуу айырмачылыктарга  туш болосуңар.

Ушундай экологиялык таза, ар түркүн эң сонун, кооз жаратылышы менен Кыргызстан туризм өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирүүгө толук мүнкүнчүлүгү бар.

 

 

 

Leave a Reply