Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
Отунбаев Болот Исакович
Туулган жылы: 9-март, 1965-жыл
Билими:
- 1987-жылы М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университеттин тарых факультетин бүтүргөн.
- 1990-1993-жылдары М.Ломоносов атындагы ММУнун аспирантурасында билим алган. Тарых илимдеринин кандидаты.
- 2000-жылы РФнын ТИМнин Дипломатиялык академиясын аяктаган.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1987-1990-жылдары Бишкек шаарындагы №67-орто мектебинин тарых сабагынан мугалими.
1993-1995-жылдары – Түркия Республикасынын Эл аралык кызматташуу боюнча Агенттигинин Кеңешчиси (Бишкек).
1995-1996-жылдары – Түркия Республикасынын Эл аралык кызматташуу боюнча Агенттигинин борбордук кеңсесинин Кеңешчиси (Анкара).
1996-1998-жылдары – Түркия Республикасынын Эл аралык кызматташуу боюнча Агенттигинин туруктуу өкүлү.
1998-2003-жылдары – Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин 1-катчысы.
2003-2005-жылдары – Кыргыз Республикасынын ТИМнин Батыш өлкөлөр жана ЕККУ Башкармалыгынын начальниги.
2005-жыл – Кыргыз Республикасынын ТИМнин Чыгыш өлкөлөр башкармалыгынын начальниги.
2005-2009- жылдары – Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин Кеңешчи- Кичи элчиси.
2010-жылы – Кыргызстандын Социал-демокартиялык партиясынын (КСДП) тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер.
2010-2012-жылдары – КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, республикалык штабынын координатору.
2012-2015-жылдары – Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.
2012-жылдын 8-октябрынан баштап – айкалыштырып иштөө менен Кыргыз Республикасынын Швеция Королдугундагы, Сан-Марино Республикасындагы жана Ыйык Престолдогу Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.
2012-жылдын 2-ноябрынан баштап – айкалыштырып иштөө менен Кыргыз Республикасынын Дания Республикасындагы жана Норвегия Королдугундагы айкалыштырып иштөө менен Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.
2015-2016-жылдары – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Өзгөчө тапшырмалар боюнча Элчиси.
2016-жылдын 9-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалган.
2017-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Финляндия Республикасында айкалыштырып иштөө менен Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалган.
16 июня 2017-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Дания Королдугунда, Норвегия Королдугунда, Швеция Королдугунда айкалыштырып иштөө менен Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалган.
Кошумча маалымат:
- «Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси» дипломатиялык рангына ээ (2012-ж.)
- Кыргыз, орус, англис жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.
- Үй-бүлөлүү. Үч баланын атасы.