Элчиликтин мейманканасы

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин мейманканасы – Москва шаарынын борборундагы чакан, ыӊгайлуу мейманкана. Мейманкананын ѳтѳ ыӊгайлуу жайгашуусу анын убактылуу жашоочуларына Москва шаарынын сонун жерлерин – Кремль, Кызыл Аянт, жана Третьяков галереясына барууга, ошондой эле Кичи театр менен театр Луныда болгон спектаклдарды жана башка маданий мекемелерди кѳрүүгѳ мүмкүнчүлүк ачат.  

Мейманканын ар бир убактылуу туруучусунун жайлуу жашоосу үчүн ар дайым эшик ачык – студенттер, туристтер, ишкерлер. Сиздер үчүн бардык категориядагы номерлер, анын ичинде учурдун техникалары менен жабдылган (муздаткыч, телевизор); ыӊгайлуу эмеректер (керебет, диван, кресло, шкаф, тумба ж.б.); тез байланыш каражаттары (шаар аралык, эл аралык жана ички байланышка чыгуу үчүн телефондор) жана башка керектүү тейлѳѳлѳр менен  I категориядагы бир кишилүү орун, I категориядагы эки кишилүү орун, жарым люкс жана люкс сунушталат.

Мейманкананын убактылуу жашоочулары кыргыз улуттук тамак-аштарын жана суусундуктарын, ошондой эле европанын таттуу тамак-аштарын татып кѳрѳ алышат. Мындан тышкары мейманкананын биринчи кабатында жайгашкан «Кыргызстан» кафеси салтанаттуу кечелерди ѳткѳрүү жана уюштуруу боюнча тейлѳѳ кызматын сунуштайт. Тейлѳѳ кызматынын сапаты жана тамак-аштын баалары кафенин кардарларынын кѳӊүлүнѳ толот.

Мейманкана баасын кѳрсѳткүчү

Номердин түрлѳрү Бир орун-керебеттин баасы

(1 сутка)

2 орундуу люкс :5100 руб.
1 орундуу жарым люкс :3700 руб.
2 орундуу жарым люкс :2700 руб.
1-категориядагы 2 орундуу :1900 руб.
1-категорядагы 1 орундуу :2300 руб.
1-категориядагы 2 орундуу :1900 руб.(бир орун-керебет үчүн)
2-категориядагы 3 орундуу :1100 руб.

– Кошумча тейлѳѳлѳр: кошумча орун-керебет 80% номердеги керебет-орундун баасынан

Эскертүү: 1. Номерди алдын ала ээлѳѳ үчүн – 25% орун-керебеттин баасынан
2. КМШ дан, чет ѳлкѳлѳрдѳн келген коноктор үчүн орун-керебеттин баасы 3250 рубль.

Мейманкана күнү-түнү иштейт.
Мейманканада жашоо үчүн алдын ала ѳтүнмѳлѳр кабыл алынат: факс (499) 951-60-62

 

Байланыш үчүн маалыматтар

Мейманкананын дареги: Москва ш., Большая Ордынка кѳчѳсү, 62/1,
метро “Добрынинская” (метрого чейин жѳѳ 3-5 мүнѳт).

Телефондор

  • +7 (495) 238-07-22
  • +7 (499) 238-42-10
  • +7 (499)238-12-29

Мейманканага Кош келиӊиздер!

КРнын РФдагы Элчилигинин мейманканасынын директору  – А.Авазов

  • Тел.: +7 (495) 230-01-64