Документтерди тариздөө

Жалпы жарандык паспортту тариздөө үчүн керектелүүчү документтердин тизмеси:

жалпы жарандык паспорт жоголуп кеткен учурда:

  1. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк + көчүрмөсү;
  2. № 1 форма (КРнын РФдагы Элчилигинен суралат);
  3. Документтин жоголгондугунун себеби баяндалган арыз-түшүндүрмө;
  4. Социалдык коргоо күбөлүгү + көчүрмөсү;
  5. Миграциялык карта, РФнын аймагында каттоо + көчүрмөсү;
  6. Документтин жоголгондугун тастыктоочу РФнын укук коргоо органдарынан берилген документ;
  7. 4х6 см көлөмүндөгү сүрөт (4 даана), түстүү, ак фондо жалтырак кагазда.

паспорттун мөөнөтү өтүп кеткенде, же булганып жараксыз болгондо:

  1. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк+ көчүрмөсү;
  2. Паспорт + көчүрмөсү;
  3. Миграциялык карта, РФнын аймагында каттоо + көчүрмөсү;
  4. 4х6 см көлөмүндөгү сүрөт (4 даана), түстүү, ак фондо жалтырак кагазда.

– 16 жашка чыккан жарандын жана 16 жашка чыга элек балдардын алгачкы паспорт алуусу:

  1. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк+ көчүрмөсү;
  2. Социалдык коргоо күбөлүгү + көчүрмөсү;
  3. Миграциялык карта, РФнын аймагында каттоо + көчүрмөсү;
  4. Ата-энелеринин никесин каттоо/ ажыратуу тууралуу күбөлүгү;
  5. Ата-энелеринин паспорттору + көчүрмөсү;
  6. 4х6 см көлөмүндөгү сүрөт (4 даана), түстүү, ак фондо жалтырак кагазда;
  7. Ата-энелеринин жарандыктары ар кандай болгон учурда, баласынын КРнын паспортун алууга чет өлкөлүк атасынын же энесинин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу.

персоналдык маалыматтарынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу паспортту алмаштырууда:

  1. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк+ көчүрмөсү;
  2. Паспорт + көчүрмөсү;
  3. Никени каттоо/ ажыратуу тууралуу күбөлүгү;
  4. Миграциялык карта, РФнын аймагында каттоо + көчүрмөсү;
  5. 4х6 см көлөмүндөгү сүрөт (4 даана), түстүү, ак фондо жалтырак кагазда.

Эгерде жаран мурун жалпы жарандык паспорт албай жана (ID–card) паспорту гана болгон учурда:

  1. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк+ көчүрмөсү;
  2. (ID-card) паспорту+ көчүрмөсү;
  3. РФнын аймагында каттоосунун көчүрмөсү, миграциялык картасынын көчүрмөсү;
  4. 4х6 см көлөмүндөгү сүрөт (4 даана), түстүү, ак фондо жалтырак кагазда.

 

 

 

КРнын жарандыгына тиешелүү/тиешелүү эместигин аныктоочу документтердин тизмеси

  1. Арыз берүүчүнүн документинин же анын жеке инсандыгынырастоочу паспорттун түп нускасы же көчүрмөсү;
  2. Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
  3. Жашаган жеринен маалым-кат;
  4. Өмүр баяны;
  5. 4х6 көлөмүндөгү фото сүрөт 2 даана (кара-ак түстө болушу мүмкүн).

 

 

 

Кыргызстандын жарандыгынан чыгууну тариздөө үчүн документтердин тизмеси

1) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуусу тууралуу арыз-анкета үч нускада;

2) туулгандыгы тууралуу күбөлүк (түп нуска + 3 көчүрмө);

3) нике тууралуу күбөлүк (түп нуска + 3 көчүрмө) – никеде турган жарандар үчүн;

3.1.) никени ажыратуу тууралуу күбөлүк (түп нуска+ 3 көчүрмө) – никеси ажыраган жарандар үчүн;

3.2.) жолдошунун (жубайынын) өлүмү тууралуу күбөлүк (түп нуска+ 3 көчүрмө) – жесир жарандар үчүн;

3.3.) жолдошунун (жубайынын) өлүмүн же дайынсыз жоктугун таануучу соттун чечими (түп нуска + 3 көчүрмө) – тийиштүү учурларда;

4) Салык төлөө боюнча карызынын жоктугу тууралуу Кыргыз Республикасынын салык органдарынын документи (арыз берүүчүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында акыркы жашаган жеринен берилет) (түп нуска + 3 көчүрмө);

5) КРнын паспорту (түп нуска + 3 көчүрмө);

6) РФнын паспорту (түп нуска + 3 көчүрмө);

6.1.) Россиянын ИИМнин МКББна (Миграциялык кызмат боюнча Башкы башкармалык) РФнын жарандыгын алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу билдирүү (түп нуска + 3 көчүрмө) – РФнын жарандыгына ээ эмес жарандар үчүн;

7) 4×6 см көлөмүндөгү ак фондогу үч түстүү фотосүрөт;

8) 135 АКШ доллары көлөмүндөгү консулдук жыйымды төлөө, документ жасалып жаткан  кездеги валюта курсуна ылайык рубль менен төлөнөт;

 

Арыз-анкета басма тамгалар менен, оңдолбостон,чийилбестен жана кыскартылбастан, тамга жана сан белгилери менен гана жазылат (принтерди пайдаланууга болот).