2016-жылдын 11-декабрында өтүүчү Референдум

 

“Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу боюнча референдум өткөрүүгө даярдык тууралуу маалымат

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин Жарлыгына ылайык “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу боюнча 2016-жылдын 11-декабрында референдум өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жобосунда белгиленгендей, референдум чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө өткөрүлөт.

Россия Федерациясында референдум КРнын РФдагы Элчилигиндеги (Москва шаары), КРнын РФдагы Башкы Консулдугундагы (Екатеринбург шаары), КРнын РФдагы Консулдугундагы (Новосибирск шаары) жана КРнын РФдагы Элчилигинин Кеңселериндеги (Санкт-Петербург, Красноярск, жана Владивосток шаарлары) участкалык шайлоо комиссияларында өткөрүлөт.

Ушуга байланыштуу КРнын РФдагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөрүүгө даярдык көрүү тууралуу 2016-жылдын 10-ноябрында жыйналыш өттү. Жыйында курамында 13 мүчөдөн турган участкалык шайлоо комиссия шайланды. Комиссиянын курамына Элчиликтин кызматкерлери жана Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү кирди.

Участкалык шайлоо комиссия өз ишин баштады.

Бүткүл элдик добуш берүү туралуу

“Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин Жарлыгына ылайык 2016-жылдын 11-декабрында Референдум өтөт.

Россия Федерациясында Референдум Кыргыз Республикасынын Элчилигиндеги  шайлоо участогунда өтөт (Москва ш., Большая ордынка көч.62 ).

Ушуга байланыштуу, Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарына бүткүл элдик добуш берүүгө катышып, өздөрүңүздөрдүн жарандык позицияңыздарды билдирип кетүү өтүнүчү менен кайрылат.

Бул үчүн Сиздер өзүнүздөрдү шайлоо тизмесинен карайсыздар, эгерде шайлоо тизмесинен өзүңүздөрдү таппасаңыздар, 2016-жылдын 20-ноябрына чейин Элчиликке келип, арыз жазып, биометрикалык маалыматты тапшырууңуздар керек.

Шайлоо тизмеси Элчиликтин расмий сайтында (www.kyrgyzembassy.ru) жайгаштырылат.

2016-жылдын 12-декабрында боло турган референдумга18 жашка толгон, биометрикалык маалымат тапшырган жана консулдук каттоого алынган Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат.

 

Урматтуу мекендештер,

Сиздерди 2016-жылдын 11-декабрында боло турган «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КРнын Мыйзамын кабыл алуу боюнча референдумга катышууңуздарды чакырабыз.

Шайлоо участкасында добуш берүү Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын Элчилигинде, («Байхан» кафеси) саат 08.00дөн – 20.00гө чейин уюштурулат.

Референдумга биометрикалык маалыматты тапшыргандыгын, консулдук каттоодо тургандыгын негиздеген тизмеде бар шайлоочулар катыша алат. Ошондуктан Элчиликтин сайтында жайгаштырылган тизмеден өзүңүздөрдү тактооңуздарды өтүнөбүз.

Добуш берүүгө КРнын жалпы жарандык паспорту менен келүү зарыл.