Кыргыз Республикасынын Миграция боюнча мамлекеттик кызматынын Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү

  1. Кожобаев Толонбай Жанибекович – Кыргыз Республикасынын Миграция боюнча мамлекеттик кызматынын Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;
  2. Жорокулов Канатбек Кадырбекович – Өкүлчүлүктүн башкы адиси, тел.:+7926 100 37 35;
  3. Шаршеев Марлес Каныбекович – Өкүлчүлүктүн башкы адиси, тел.: +7925 735 49 46;
  4. Абдыбахапов Абдыманап Абдыбахапович – Өкүлчүлүктүн жетектөөчү адиси, тел.: +7929538 03 61.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн иш-милдеттери жөнүндө

 

Урматтуу мекендештер,

Баарыңыздарга белгилүү болгондой, жакынкы мезгилдерден бери Москвада Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгү иштей баштады.

Өкүлчүлүктүн жасай турган жумуштары менен кеңири таанышып алыңыздар.

Миграциялык маселелерге тийиштүү бардык суроо-маселелер менен кайрыла берсеңиздер болот.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-мартындагы №96 токтому менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгү (мындан ары – Өкүлчүлүк) Москвада ачылган.

Азыркы кезде Өкүлчүлүктө 4 кызматкер эмгектенүүдө. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Кожобаев Толонбай Жанибекович.

Ошондой эле Россиянын аймактарында иш алып баруу үчүн дагы 5 кызматкер күтүлүүдө.

2016-жылдын декабрь айынан баштап Өкүлчүлүк Москва шаарында өз ишин убактылуу Кыргыз Республикасынын Россиядагы Элчилигинин имаратында жайгашуусу менен баштаган. Азыркы кезде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгү  төмөндөгү дарек боюнча ишин расмий турдо баштады: Москва ш., Малая Полянка көч.12а.

Өкүлчүлүктүн негизги иш-милдеттери:

– Келген өлкөдө мигранттардын – Кыргыз Республикасынын жарандарынын, алардын үй-бүлөлөрүнүн укуктук кызыкчылыктарын, эркиндиктерин коргоо, буларга карата келген өлкөдө, демек Россияда ар кандай укук бузуулар болсо, тийиштүү органдар менен иш алып баруу;

– КРнын жарандарынын-мигранттардын эмгек келишимдери боюнча талаш маселелери менен кайрылгандарды жеке кабыл алышат, сотко чейинки жана сот ишиндеги процесстерге катышуу;

– КРнын жарандары – мигранттар менен жумуш берүүчүнүн ортосундагы эмгек келишимдери боюнча укук бузуулар боюнча талаш маселелерди жөнгө салуу;

– КРнын жарандары – мигранттар менен жумуш берүүчүнүн ортосундагы эмгек келишимдери боюнча укук бузууларды сот ишине жеткирбей чечип берүү аракеттерин көрүү;

– КРнын жарандары – мигранттарынын эмгек акылары боюнча талаш маселелрин чечип берүүдө Россиянын сот жана башка укук коргоо органдарында кызыкчылыктарын коргоо;

– Россиянын убактылуу кармоочу жайларында кармалып жаткан КРнын жарандарынын маселери боюнча Россиянын ИИМнин Миграция боюнча башкармалыгы менен тыгыз байланышта иш алып барат. Россиянын аймагынан чыгарылган жарандарды тез арада мекенине кетирүүдө көмөктөшүү.

– Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган КРнын жарандарын тизмесинен (“кара тизмеден”) чыгаруу боюнча комплекстүү иштерди уюштуруу;

– КРнын жарандарын келген өлкөдө-Россияда миграциялык каттоого туруу маселелери боюнча демилге көтөрүү. КРнын жарандары – мигранттарынын арасында миграциялык ар кандай маселелер боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле миграция маселелери боюнча КРнын жана РФнын компетентүү органдары менен тыгыз байланышта иштөө;

– Миграция маселелери жана келген өлкөнүн эмгек рыногундагы жеткиликтүүлүк маселелери боюнча келген өлкөнүн-Россиянын мамлекеттик жана коомдук уюмдары менен сүйлөшүүлөрдү, консультацияларды жүргүзүү, же катышуу;

– Келген өлкөдөгү-Россиядагы кыргыз диаспоралык коомдук уюмдары менен тыгыш иштешүү;

– Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Консулдук бөлүмү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн (“жүк 200”) Мекенине жөнөтүү иштерин жүргүзүү.