Кыргызстандагы Президенттик шайлоо – 2017

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Президентин шайлоо  2017-жылдын 15-октябрында өтөөрү тууралуу Мыйзамга кол койгон.

Аталган демилге камтылган мыйзам долбоору 2017-жылдын 31-майында ЖКда каралып, көпчүлүк депутаттардын добушуна ээ болду.

“КР президентин жана ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, анда парламенттик шайлоодогу босого жети пайыздан тогуз пайызга көтөрүлүүдө.