Кыргыз-россиялык эки тараптуу кызматташуу тууралуу (2017-жыл)

Тышкы саясий кызматташуу

2017-жыл ичинде эң жогорку жана жогорку деңгээлдерде 43 сапар уюштурулду. Алардын ичинен 8 сапар – Мамлекет башчыларынын деңгээлинде; Өкмөт башчыларынын деңгээлинде – 7; парламент башчыларынын деңгээлинде – 6; тышкы иштер министрлердин деңгээлинде – 6; вице-премьер-министрлердин, республика жана облус башчыларынын, диний башкармалыктардын деңгээлинде – 16.

         2017-жылдын 29-ноябрында жаңы жетекчиликтин өлкөнүн тандап алган ички саясий жана тышкы саясий курсунун жактоосунун далили катары Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган Президенти С.Жээнбековдун Россия Федерациясына болгон  биринчи иш сапарынын өткөрүлүшү маанилүү окуя болуп калды. 2017-жылдын 26-декабрында Москва шаарында КМШ-өлкөлөрүнүн формалдуу эмес саммитине катышуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков КМШ, ШКУ, ЖККУ алкагында азыркы кездеги чакырык жана коркунучтарга, терроризм идеологиясына каршы күрөшүүдө Россия менен өз ара активдүү биргелешкен аракеттерди көрүүгө КРнын даярдыгын тастыктады.

         2017-жылдын 29-30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Исаковдун Россия Федерациясына биринчи расмий сапары ишке ашырылды. КРнын Премьер-министринин Россияга болгон экинчи сапары 2017-жылдын 30-ноябрында ШКУга мүчө-мамлекеттердин МБКнин жыйынынын алкагында ишке ашты.

         Өлкөнүн жана өкмөттүн башчыларынын эң жогорку деңгээлдеги жолугушуулары кыргыз-россиялык эки тараптуу мамилелердин, ошондой эле ЕАЭБнин алкагында өз аракеттерин мындан аркы өнүгүүсүн талкуулоого мүмкүнчүлүк болду.

         Жыл ичинде парламенттер аралык кызматташуу багыты боюнча биртоп маанилүү иш чаралар ишке ашты:КРнын ЖКнин жетекчилигинин Россия Федерациясына төрт жолу сапары – КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын, ЖККУнунПарламенттер аралык ассамблеясынын алкагында жана КРнын Жогорку Кеңеши менен РФнын Федералдык жыйынынын Парламенттераралык комиссиясынын алкагында (2017-жылдын апрель, март, июнь, октябрь айлары).

         Өз кезегинде Кыргызстанга расмий жана иш сапарлары менен РФнын Федералдык жыйынынын төрайымы В.Матвиенко (3-4 июль) жана РФнын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы В.Володин (28-июнь) барып келишти.

         Эки өлкөнүн парламенттеринин Кыргызстандын жарандарына ички кыргыз же эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүнүн негизинде РФнын аймагында унаа каражаттарын башкаруу укугунун берилиши боюнча мыйзамдык колдоо маселеси боюнча ыргактуу иштерин (2017-жылдын июль айы) баса белгилеп кетүүгө болот.

Кыргызстанда өткөрүлгөн эл аралык олуттуу иш-чараларда – Алтай цивилизациясы боюнча биринчи конференциянын, Ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык конференциянын, «Ислам азыркы динден тышкаркы мамлекетте» конференциясынын өткөрүлүшүндөроссия тарабынын өкүлдөрүнүн кеңири катышуусу зор мааниге ээ болду.

         Аймактар аралык деңгээлдерде байланыш, мамилелердин жогорку өсүүсүн камсыздалды – Татарстандын Президенти Р.Миннихановдун жана Башкортостандын Башчысы Р.Хамитовднжумушчу сапарлары ишке ашты (20-21-июль), Бишкек шаарынын Мэриясынын Москвага (5-7-июль), Челябинск облусунун өкмөттүк делегациясынын Бишкекке сапарлары (19-29-июль), Кыргыз-Санкт-Петербург өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны (июль), РФнын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары А.Дворкович жетектеген Аймактар аралык конференция (15-декабрь, Бишкек).

         Соода-экономикалык кызматташуу

         Өткөн жылы эки тараптуу соода жүргүзүү 32,8%га өстү – 2017-жылдын январь-ноябрь айларында соода жүгүртүү 1445,6 млн.долларды түздү (2016-жылдын январь-ноябрь айларында – 1088,4 млн.долларды түзгөн), булардын ичинде импорт – 1267,9 млн.доллар (2016-жылдын ушул эле мезгилинде – 926,8 млн.долларды түзгөн), экспорт – 177,8 млн.доллар (2016-жылдын ушул эле мезгилинде – 162,6 млн.долларды түзгөн).

         Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына акча которуулардын көлөмү2017-жылдын январь-ноябрь айларында 2245,5 млн.долларды түздү, мында РФначыгуусу 403,2 млн.долларды түздү.

         2017-2018-жылдарга карата мунай жана мунай заттардын Кыргыз Республикасында ички пайдалануусунун көлөмү жана номенклатурасы макулдашылды, кыргыз продукциясын экспорттону алга жылдыруу, көргөзмө, жарманке, Кыргызстандын инвестициялык, экспорттук жана  туристтик потенциялын сунуштоо, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даңазалоо боюнча бир топ маанилүү иш-чаралар өткөрүлдү. КРнын геологиялык чалгындоо жана кендерин иштетип чыгуу максатында укуктук лицензия берүү боюнча Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан аукциондор тууралуу маалымат үзгүлтүксүз таркатылды.

         Россельхознадзор аркылуу КРнын 9 ишканасы (бал, балык, сүт азыктары, эт азыктарын өндүрүүчүөр) ЕАЭБнин аймагына алардын продукциясын экспорттоо максатында Бажы биримдигинин Тизмесине киргизилди.

         Кыргыз товар өндүрүүчүлөрдүн Россиянын аймактарында соода-логистикалык борборлору менен кызматташуусун орнотуу жана россиялык чекене түйүндөрүнүн аянтчаларын кыргыз продукцияларын  Москванын жана РФнын аймактарынын ири соода түйүндөрүнө алып чыгуу үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгү түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасында алгачкы таркатуучу (соода-логистикалык) борбор куруу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлдү.

         РФнын рыногуна кыргыз продукцияларын алып чыгунун кошумча дагы бир механизмин киргизүү максатында Москва шаарынын Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүндө (ВДНХ) №4- соода-көргөзмө (Кыргызстан) павильонун ондоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.

         Маданий-гуманитардык кызматташуу

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орногондугунун 25 жылдыгын белгилөөнүн алкагында РФнын ТИМнин Дипломатиялык Академиясынын базасында  конференция уюштурулуп, өткөрүлдү; Москвадагы кыргыз диаспорасынын бирикмелери менен биргеликте “Нооруз 2017” Москвада өткөрүлгөн жалпы шаардык иш-чарага катышуу; Москва Мамлекеттик лингвистикалык университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери менен жолугушуу.

         Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин Россия Федерациясына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Москва, Казань жана Уфа шаарларында КРнын Маданият күндөрү масштабдуу түрдө өткөрүлдү. Алардын ичинде Кыргызстандын искусство чеберлеринин, алдыңкы этнографиялык музыкалык ансамблдердин, КРнын Эл жана Эмгек сиңирген артисттеринин катышуусунда Москвада Мамлекеттик Кремль сарайында Гала-концерт уюштурулду; ири макамдагы кино сыйлыктардын ээси жана эл аралык кинофестивалдарынын жеңүучүсү “Сүтак”, “Атанын керээзи” кыргыз фильмдеринин көрсөтүлдү; республиканын саламаттыкты бекемдөөчү рекреациялык, кышкы спорттук жана экологиялык туризми менен тааныштыруу максатында өлкөнүн туристтик потенциалынын көргөзмөлөрүн уюштуруу. Аталган иш-чараларга катышуу үчүн Кыргызстандын чыгармачыл делегациясы Москвага 235 адам курамында, Уфа шаарына 50, Казань шаарына 50 адам келишкен.

         Кыргыз Эл жазуучусу Ч.Айтматовдун атын түбөлүк калтыруу боюнча жана жазуучунун 90 жылдык мааракесин белгилөөгө карата бир топ маанилүү иштер жасалды – Москва шаарындагы Ч.Айтматов атындагы эс алуу багына жазуучунун эстелигин коюу тууралуу россиялык органдардын тийиштүү чечими кабыл алынды; “Россия –Ислам дүйнөсү” Стратегиялык топ тарабынан демилгеленген “Айтматовдук окуулар: маданияттар диалогу” аталган жазуучулардын жана интеллигенциянын Форуму өткөрүлдү (август, 2017-жыл, Бишкек ш.), Ч.Айтматовдун тарыхка калтырган мурасын мындан ары даңазалоо максатында ушундай эле адабий Форумдарды кезек-кезеги менен Кыргызстанда жана Татарстанда өткөрүү пландаштырылууда.

         Билим берүү тармагында 2017-жылы РФнын Өкмөтү тарабынан белгиленген Россиянын Жогорку окуу жайларына 400 квоталык орунга КРнын 449 жаранынан арыз келип түшкөн, алардын ичинен 419 жактырылып, РФнын 109 Жогорку окуу жайларына кирип билим алууга сунушталган. Мында РФнын аймактарындагы бир топ Жогорку окуу жайлар бюджеттик негизде билим алууга Кыргызстандан мындан көбүрөөк санда студенттерди кабыл алууга кызыкдар экендиктерин белгилейбиз.

         РФнын ЖОЖдору менен кызматташуу алкагында МГЛУ, РФнын ТИМнин ДА, Элдер Достугу Россиялык университетинде Элчилик тарабынан 12 иш чара өткөрүлдү.

Эки өлкөнүн музейлеринин кызматташуусу маанилүү багыттардан болду – Декоративдик-кол өнөрчүлүк, элдик чеберчилик боюнча бүткүл россиялык музейде кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү (июнь); КМШга мүчө-мамлекеттердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен Ысык-Көлдө илимий конференция жана көргөзмө өткөрүлгөн; “Алтай цивилизациясы жана алтай тектеш тилдүү боордош элдер” 1-эл аралык Форумга (июль) россиялык алтаист-окумуштуулардын катышуусу; РФда өткөрүлгөн “ЭТНО АРТ ФЕСТ 2017” Эл аралык фестивалга жана “Дүйнөлүк маданият туруктуу өнүгүүнүн ресурсу катары” ЮНЕСКОнун Эл аралык конференциясына (сентябрь) кыргызстандык өкүлдөрдүн катышуусу.

КРнын жарандарынын укук жана кызыкчылыктарын коргоо

2017-жылы миграция тармагында, консулдук-укуктук актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн мекендештер менен бир топ жолугушуулар өткөрүлдү. Россия жергесиндеги кыргыз диаспорасынын жана коомдук уюмдарынын арасында КРнын Президенти А.Атамбаевдин (21-июнь 2017) жана КРнын Премьер-министри С.Исаковдун мекендештер менен жолугушуулары жогорку резонанска ээ болду. Элчилик тарабынан РФдагы кыргыз диаспоралык уюмдары, коомдук бирикмелер менен 45тен ашуун жолугушуу, иш чаралар уюштурулду.

Отчеттук мезгилде Элчилик тарабынан 11161 консулдук аракеттер көрсөтүлдү, өткөн жылга салыштырмалуу көрсөткүч 47% пайызга өскөн (2016-жылы 7588).

РФнын адвокаттык коллегиясы менен кызматашуу орнотулуп, адвокаттар боюнча маалыматтар базасы калыптандырылды, “Плиев и партнеры” Адвокаттар коллегиясы (апрель), “Экс Ледж” (май), “Империя права” (октябрь) Адвокаттар коллегиясы менен кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду, ал эми “Виктория Лекс” Адвокаттар коллегиясы жана “Санкт-Петербург” Эл аралык адвокаттар коллегиясы менен өз ара кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюу иштелүүдө, ошондой эле Москва райондор аралык адвокаттар коллегися менен кызматташуу да колго алынды. Элчиликтин расмий сайтында  КРнын жарандарынын укук жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча Элчилик кызматташып, иш алып барып жаткан адвокаттардын тизмеси жайгаштырылган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын РФдагы Өкүлчүлүгү менен биргеликте 2 миңден ашуун жарандардын 107 млн.338 миң рубль көлөмүндө эмгек акыны төлөтүп берүү боюнча кайрылуулары боюнча иш алып барылып, жыйынтыгында 41 млн.178 миң рубль суммасындагы эмгек акы кайтарылып берилген.

2017-жылдын ичинде 197 “Жүк 200”дү жөнөтүүдө укуктук жана практикалык, консультативдик жардам көрсөтүлдү.

РФнын аймагында консулдук мекемелердин географиясы да бир топ кеңейди, 2017-жылы: Южно-Сахалинск, Томск шаарларында Армения Республикасынын Бюрегеван шаарында КРнын Ардактуу Консулдуктары ачылган. Элчиликтин укугунун алдында: Санкт-Петербург, Краснодар, Хабаровск, Оренбург, Воронеж, Южно-Сахалинск, Томск, Хельсинки (Финляндия), Бюрегеван (Армения Республикасы) КРнын 9 Ардактуу консулдугу иш алып барууда. Казань (Татарстан) шаарында КРнын Ардактуу Консулдугун уюштуруу ишин макулдашуу этабында, Уфа шаарында (Башкортостан)КРнын Ардактуу Консулуна тапшыруу үчүн консулдук экзекватура күтүлүүдө. Сочи, Иркутск жана Якутск шаарларында жана Норвегияда КРнын Ардактуу консулдугун уюштуруу маселеси иштелүүдө.

Элчиликтин материалдык-техникалык базасы консулдук-укуктук кызмат алууга кайрылган жарандар үчүн күтүү зал курулуп, кабыл алуу жол-жоболорун бир топ оптималдаштырууга мүмкүнчүлүк берген электрондук кезек аппараты (бюджеттик каражат тартылбастан) коюлду.

Келишимдик-укуктук база

Эки тараптуу кызматташуунун келишимдик-укуктук базасы өз ара аракеттердин конкреттүү багыттарын жөнгө салуучу 348 келишим, макулдашуулар жана башка документтерден турат. 2017-жылы 15 эл аралык документтерге кол коюлду.